Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Бишкектеги айрым саясатчылар саясий ачкачылыктан каза болгон укук коргоочуну эскеришти


БИШКЕК. Жума күнү Бишкектеги бир катар саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 2002-жылы 22 күндүк саясий ачкачылык акциясынан улам каза болгон укук коргоочу Шералы Назаркуловдун жылдыгын өткөрүшүп, эскеришти. Жылдыктын катышуучулары Бишкек шаарынын бир көчөсүнө Шералы Назаркуловдун атын берүүнү, ал жөнүндө даректүү кинотасма тарттырууну сунуш кылышып, 11-февралда Шералы Назаркуловдун туулган айлында анын жылдыгын өткөрүү идеясын көтөрүштү. Шералы Назаркулов Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен өткөн жылдын 16-январынан 7-февралына чейин ачкачылык акциясына катышып, каза болгон. Ал эми расмий бийлик Шералы Назаркулов ачкачылыктан эмес, өз оорусунан улам каза болгондугун жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG