БИШКЕК. Еврокомиссия Кыргызстанга азык-түлүк түрүндөгү грант иретинде 19 миллион евро жана техникалык жардам катары 1 миллион евро бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, мындай жардам Еврокомиссиянын Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу программасынын алкагында ишке ашырылууда.