Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

БАГДАДДАГЫ “ӨТӨГӨН” ЖАНА АНЫН “БӨКӨЛДӨРҮ”


Президент Буштун улуттук коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Кондализа Райстын сөздөрүнө ылайык, Багдаддагы режим кулатылгандан кийин Иракты башкаруу процессинде башкы милдет америкалык аскери өкүлдөргө жүктөлөт. Бирок бир катар байкоочулар согуштан соң Иракта жаңы өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун мандаты менен түзүлөбү же Вашингтондун амирине жараша аныкталабы, бу маселенин азыр башы ачыла элек деп эсептешет. Айрым эксперттер болсо Иракта Ооганстандагы тажрыйба кайталанышы ыктымал дешет.

Кондализа Райстын кеп оролуна караганда, Иракта Ооганстандагы тажрыйба кажет болбойт. Ирактыктар, Райстын баасында, негизинен билимдүү, агарып-көгөрүп калган калк. Башкаруу маданиятына да чукак эмес. Деген менен согуштан кийин конкреттүү кандай кырдаал түзүлөт, бардыгы ошого жараша болот. Бирок Райс азыркы режим кулатылган соң Ирактагы башкаруу иштеринде америкалык аскерий өкүлдөр баары бир чечүүчү роль ойной тургандыгынан кадиктенбейт. ”Нью-Йорк таймс” гезити жарыялаган маалыматтарга ишенсек, Вашингтон Ирактагы оккупациялык мөөнөт бир жарым жылга созулат деп болжол кылып жаткан шекилди. Аталган мөөнөт ичинде, Вашингтондун пландарына ылайык, Иракты америкалык аскерий чиновниктер менен өткөөл өкмөт алгоолошуп башкарууга тийиш. Убактылуу кабинет негизинен өлкөнүн экономикасын кайра тикелөө, билим берүү иштери менен арпалышат, ал эми коопсуздук, коомдук тартип, иши кылып, күндөлүк турмуштун калган бардык орчундуу озуйпалары оккупациялык режимдин колуна берилет. Бирок Райс муну аскери бийлик деп атаганды эп көрбөйт. Ошону менен бирге Райстын бейшемби күнү Египеттин “Аль-Ахрам” апталыгында басылган бул интервьюсунда ырасталгандай, Иракта согуштан кийин деле бир катар райондордо чакан масштабдагы аскерий операцияларды өткөргөнгө туура келиши ыктымал.

Дегинкисинде, Саддамдан кийинки Иракты кайра куруп чыгуу иши азырынча анчейин капарга алынбай жатканы менен чындыгында бир топ олуттуу проблема, деп айтты “Азаттыктын” кабарчысына вашингтондук эксперт Тед Гален Карпентер. Баарыдан мурда жалпы ирак калкынын купулуна толуп, анын ишенимине арзый турган улуттук лидер табуу керек болот. Мындай ролго талапкер катары азыр сүргүндөгү оппозициялык ири топтун – Ирактын улуттук конгресси деп аталган уюмдун жетекчиси Ахмед Чалаби менен өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Аднан Чачачини атап жатышат. Чалабини Пентагон менен америкалык конгресстин жоон топ мүчөлөрү сүрөөнгө алып жүрүшөт, бирок ага мамлекеттик департаменттин медили түшө бербей жатат. Ар кошкон оппозициялык топтордун баш терисин байкап көргөн соң америкалык дипломаттардын көбү сүргүндө жүргөн күчтөргө ишенүү бир топ опурталдуу иш экенине ишеништи. Андыктан бир жагынан Вашингтондун көз караштарына төп келген, экинчи жактан Ирактын улуттук лидерлигине жараган кандидатты табыш оңой иш эмес, деп айтты Карпентер. Бул иште Вашингтонго этиет болуу керек, Кошмо Штаттарына “колбала” боло тургансып көрүнгөндөрдүн көбү кийин таптакыр башкача болуп чыгышы да ажеп эмес.

Мурдагы ирак дипломаты, азыр Лондондо чыгып жаткан гезиттин редактору Гассан ал-Аттиах жалгыз-жарым адамды таңуулап, келечекте Багдаддагы азыркы режимден айрымаланган жакшы бийлик түзүү кыйын деп эсептейт. Анын пикирине ылайык, эң жакшысы - Иракты диктатурадан демократияга өткөрө ала турган команда түзүп, ага күрттөрдүн, шийиттердин, суннилердин, иши кылып, өлкөдөгү ич ара таймашкан бардык тайпалардын өкүлдөрүн киргизүү керек.

Башка бир эксперттер болсо Ирактагы азыркы режимдин башчысы Саддам Хусейн, арийне, өзү отуруп ий болуп калгыдай өтөгөндүн териси эмес дешет. Ирактын андан кийинки келечегин ченеп-бычып, ага бөкөлдүк кылардан мурда Багдаддагы өтөгөндүн чарасын табуу керек. Анын үстүнө аскерий операция башталса, Ирактагы өткөөл өкмөт, балким, ООНдун мандаты менен түзүлүп, анын утурумдук амирине өтүп калышы да ыктымал.

XS
SM
MD
LG