Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

УКУК КОРГООЧУ ШЕРАЛЫ НАЗАРКУЛОВДУН КАЗА БОЛГОНУНА 1 ЖЫЛ ТОЛДУ


Бүгүн, 7-февралда укук коргоочу Шералы Назаркуловдун саясий ачкачылыктын кесепетинен каза тапканына 1 жыл толду. Бул күнү Бишкекте маркумдун үй-бүлөсү, жакын туугандары жана пикирлештери ШералыНазаркуловдун ашын өткөрүп, куран окутушту.

Укук коргоочу, белгилүү экономист жана журналист Шералы Назаркуловду эскерип, сөз сүйлөгөндөр анын өмүрү да, өлүмү да саясат болуп калганын, ачкачылык жарыялап отуруп каза таап, ошол эрдикке тете кадамы менен башкаларга үлгү болуп, адилетсиздикке каршы күрөшүп жүрүп күйүп кеткенин бир ооздон белгилешти.

Укук коргоочу Шералы Назаркулов өткөн жылдын 5–январында камакка алынган парламент депутаты, кыргыз-кытай чек арасы боюнча бийликти сынга алган көз карашы менен белгилүү Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюп ачкачылык жарыялагандардын башында тургандардын бири. 10-январда башталган бул нааразычылык акциясына жеке эле Азимбек Бекназаровду колдогондор эмес, «кыргыз-кытай чек арасын тактоодо Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип-тепселди» дегендердин баары катышкан болчу.

Ачкачылык жарыялагандардын катарына Шералы Назаркулов 16-январда келип кошулуп, 6-февраль күнү кечинде акыл-эсинен танып ооруканага түшүп, 7-февралдын таңында кайтпас сапарга узаган эле. Бул кайгылуу окуянын алдында Ш. Назаркулов эркек уулдуу болуп, анын атын депутат Бекназаровдун урматына Азимбек койгон.

Куран окутуп, эскерүү жыйынын уюштурган белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акунов: «Шералы Назаркулов үзүлүп баратып «…мен эми болбой калдым, Азимбек Бекназаров үчүн аягына чейин тургула!» - деген керээзин эки-үч жолу кайталаган эле», - дейт.

- Шекемдин эстелиги кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө калышы керек. Кыргыз демократиясынын, адам укугунун өнүгүшүнө Шералы Назаркулов өзүнүн өлүмү менен чоң салым кошту. Себеби ал бул өлүмдү өзү көздөп, ага өз эрки менен барды. Андыктан анын ысымы кыргыз элинин намыска бекем турган Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу залкарларынын катарында турууга тийиш. Ошол себептен биз анын сөөгүн «Ала-Арчага» коелу дедик эле, бирок ал тилегебиз ишке ашпай калды, - деди Турсунбек Акунов.

Кыргызстандын проблемалуу чек аралары боюнча коомдук комиссиянын жетекчиси Бегиш Ааматов Шералы Назаркулов да аталган комиссиянын мүчөсү катары ачкачылык жарыялаганын, күн өткөн сайын ден-соолугу начарлап баратканын көрүп, «токтотсоңчу» деп айтканын каңырыгы түтөп эскерди:

- «Ачкачылык жарыялаганыңды токтотсоңчу», - десем мага: «Бегиш аке, Манас атадан калган жерди Кытайга берет деген эмне? Манас атабыз жерди ошол Кытайдан коргоп бизге калтырса, биздин кайра кайтарып бергенибиз өлүм менен барабар!» - деп мага болбой койду. Кийин Шералынын көзү өтүп кеткенде мен «Шералы Манастын кырк чоросунун бириндей болуп өлүм тапты!» деген сөзүмдү айтып, некрологубузду жаздык.

«Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын жетекчилеринин бири Виктор Черноморец «Шералы Назаркуловго жана Аксы алааматынан каза тапкан жигиттерге «Кыргыз эл баатыры» деген наам берүү керек» деген партиялашы Жыпар Жекшеевдин оюн колдой тургандыгын айтты.

- Шералынын жана Аксыдан атылган беш жигиттин өлүмү жөн өлүм эмес. Алардын өлүмү - Кыргызстанда демократия орнотууну максат кылган татыктуу өлүм. Мен Жыпар Жекшеевдин «Шералы Назаркулов баштаган мыкты уулдарыбызга «Кыргыз эл баатыры» деген наам берели» деген сунушун колдойм. Бийлик да муну колдойт деген ойдомун, - дейт Виктор Черноморец.

Ошондой эле ал Президент Аскар Акаев 17-мартты Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыялашы керек деген оюн айтты:

- Бул күндү Президент Аскар Акаев аза күтүү күнү деп жарыяласа деген ойдомун. Менин пикиримче, бул анын кадырына аз болсо да кадыр кошот.

«Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Шералы Назаркуловдун өлүмү, тилекке каршы, айрымдар үчүн саясий упай топтоонун жолу болуп калды деген өкүнүчүн ортого салды:

- Өздөрүн өздөрү сатып бийлик тарапка өтүп кеткендер ал кишинин атын да ортого салып, саясий соодагерчилик кылып жүрүшөт. Ушул жерге келбей калыптыр, артынан айткандай болбоюн, Мелис Арыпбек уулу ушул жерге келип катышып отурса абдан жакшы болмок. Назгүл келинибизди да адаштырып, саясатка аралаштырган да ошол, - деди Тургуналиев.

Уулу Азимбекти бооруна кысып, көзүнө жаш алып отурган Шералы Назаркуловдун жесири Назгүл Абдыкеримова бул жерге келип, куран окуткандарга ыраазычылыгын айтты:

- Шералынын өтүп кеткенине мына бүгүн бир жыл толду, бөксөргөн бөйрөгүбүз дале толбой, өксүп жоктоп отурабыз. Бул жерге Шералыны эстеп келгендердин баарына ыраазычылыгымды айтам. Кыргызда «атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн» деген сөз бар, ошонун сыңарындай, Шералы өлгөн жок, анткени артында эл-журту бар, карыганда көргөн чүрпөсү Азимбек бар. Шералы өлгөн жок!

XS
SM
MD
LG