Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

НАРЫНДАГЫ СПОРТТУН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Кабыл Макешов, Бишкек Нарын облусундагы спорттун абалына баяндама.

Нарын облусунда кыш узакка созулгандыктан, спорттун кышкы түрлөрүнө кызыгуу күч. Совет доорунда лыжа спорту да өнүккөн. Кыргызстандын биринчилигинде лыжа жарышынан Мурадил Калдыбаев, Кенже Эсенбаева, тоо лыжасынан Койчуман Шыгаев, Баяс Рыскулов, Султан Бөтөбаев, Кадыр Камбаров жана Савас Харсанов чемпиондук наамды бир нече ирет жеңип алышкан.

Ал эми 1980-жылдары Сайракан Жангирова жана Айымкан Стамакунова, Абдылда Калыбаев Кыргызстандын чемпиону болуу менен «СССР спортунун чебери» наамын алып, союздук мелдештерге катышкан. Айрыкча Нарындын кыз-келиндери лыжа жарыштарында мөрөй алышкан. Алардын катарына Жаңыл Мундузбаеваны, Жылдыз Кожоканованы, Гүлжан Бектурованы кошууга болот. Даңазалуу жөө күлүк, марафончу Төлөн Насырбеков кышкысын жаштарга лыжа тебүү ыкмаларын да үйрөтчү эле.

Союз учурунда топ менен ойнолуучу хоккей боюнча Кыргызстандын биринчилиги өткөрүлүп турчу. Буга Нарын облусунун 2 командасы үзбөй катышчу. Нарын жана Миңкуш шаарларында хоккейден жакшы командалар боло турган. Ал түгүл хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты Нарын шаарында 5 ирет өткөрүлүп, ага 6-7 команда катышкан. Ошол мезгилдеги Фрунзе шаарынын «Инструментальщик», Пржевальск шаарынын Кемин районунун «Актуз» жана Миңкуш, Нарын шаарларынын командалары топ менен ойнолчу хоккей мелдештеринде өнөрү менен таанылган. Акыркы чемпионаттар Актуз жана Миңкуш шаарчаларында өткөрүлүп, хоккей оюнунун деми сууп калган.

Кийинки 10 жыл аралыгында хоккей оюну да унутулуп, мелдеш өткөрүлбөй калган. Бул демилгени да нарындыктар колго алып, 1999-жылы февралда кыргыз эл депутаты, профессор, маркум Эркинбек Матыевди эскерүүгө арналган хоккей турнирин өткөрүп, ага 5 команда катышкан. «Эркинфарм» фирмасы менен Жумгал райондук акимчилиги бул демилгени колдоп, ар жылы өткөрүүнү салтка айландырды. Жыл өткөн сайын хоккей мелдешине катышкан командалардын саны өсүп, деңгээли да жогорулап баратат. 2000-жылы 7 команда, 2001-жылы – 9 команда, өткөн жылы 10 команда мөрөй талашты.

1-2-орундарды жумгалдыктар ээлеп, Нарын шаарынын хоккейчилери үчүнчү орунду камсыз кылышкан.

Нарын облусундагы кышкы спорттун, жалпы эле спорттун ал-абалы жөнүндө облустун губернатору, спорт ардагери Аскар Салымбеков менен аңгемелештик.

- Аскар Мааткабылович, сиз Нарын облусуна губернатор болуп баргандан бери спорт тармагына жакшы көңүл буруп жатасыз. Кышкы спорт түрлөрү боюнча, айрыкча хоккей оюну боюнча Кыргызстанда Нарында гана мелдештер өткөрүлүп жүрөт. Кышкы спортту Нарында, деги эле Кыргызстанда канткенде өнүктүрө алабыз?

- Совет доорунда Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрү өз деңгээлинде өнүгүп-өсүп келаткан. Эми, эгемендүү болгондон баштап спорт тармагы да кыйынчылыктарды баштан өткөрүп келатат. Азыр мүмкүнчүлүктөргө жараша Нарында тоо лыжасы боюнча спортсмендерди, күйөрмандарды бийик бетке алып баруучу зым жолду оңдоп, ал Нарын элине, шаар тургундарына кызмат кыла баштады. Ушундан улам тоо лыжасына кызыгуу артып баратат. Биздин балдарыбыз республикалык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүрөт. Каракол, Бишкекте өткөн мөрөй талашууларда жеңишке жетишип жүрөт. Эгерде, жакшы лыжалык жабдуулар болсо, эл аралык аренага чыкканга мүмкүнчүлүк бар.

Мурда Нарында хоккей боюнча балдар үчүн «Алтын шайба» мелдештери үзбөй өткөрүлүп турчу. Топ менен ойнолуучу хоккей да абдан таасирдүү эле. Миңкуш, Нарын, Чаекте хоккей командалары боло турган. Ошол эски хоккей ардагерлери демилге көтөрүп, үч жылдан бери Чаектеги Шортон көлү тоңгон учурда хоккей аянтын жасап, мелдеш өткөрүп, жаштарга үлгү болуп, хоккей оюнун үйрөтүп жатышат.

Бул демилге жаңы башталганда 4 команда беттешсе, былтыр Нарын облусунун 8 командасы мөрөй талашты. Бул хоккей мелдеши жөнүндө Орусиянын «Комсомольская правда» гезити да жакшы пикирин билдирип, кабарчысын жөнөтүп, атайын макала арнаганы жагымдуу жөрөлгө болду. Жыл өткөн сайын хоккей мелдештеринин таасири артып, чеберчилик жогорулап, командалардын катары арбып, деңгээли өсө баштады. Эми ушул хоккей мелдешине Ысыккөл облусунун спорт күйөрмандары да кызыгып, катышуу ниетин билдирүүдө. Бул мелдешти республикалык деңгээлге жеткирүүгө шарт, мүмкүнчүлүк бар. Нарында лыжа менен чуркоо мелдештери, республиканын чемпионаттары өткөрүлүп турчу. Нарындык ондогон улан-кыздар Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алышкан. Эми бул демилгени да колго алууга убакыт жетти. Германиядан, Швейцариядан колдонулган эски лыжаларды алдырып, лыжа менен чуркоо боюнча мелдештерди да өткөрө баштайлы деп турабыз. Тоо лыжасы, хоккей оюнуна, лыжа жарыштарына нарындыктардын абдан кызыгуусу артып, дем алыш күндөрү «Кыш майрамын» өткөрүп, эл көп болуп, ден-соолугун чыңдоо Нарында салтка айланып баратат.


- Нарындын «Дордой» футболдук командасы Кыргызстандын чемпионатында байгелүү оюндарды ээлеп, намысты колдон чыгарбай жүрөт. Көкбөрүдөн да «Дордойдун көк жалдары» командасы көп жолу жеңиштерге жетип, таанылган. Эми бул командалардын келечегин кандай элестетесиз?

- Футбол - дүйнө жүзүнө абдан кеңири тараган №1 спорт түрү болуп саналат. Футбол – саясаттын да, экономиканын да, маданият деңгээлинин да күзгүсү десек болот. Мына өзүңүздөр баалап көрсөңүздөр, дүйнөдө футболдун таасири, керемети кандай экенин.

Футболду өнүктүрүш керек, ага көңүл буруп, жаштардын демилгесин колдош керек. Футболду өнүктүрүш үчүн анын материалдык базасын түзүш зарыл. Ошондуктан, Нарын облусунун бардык райондорунун борборлоруна футболдук стадион салдырдык. Ошол стадиондордо балдар үчүн футбол секциялары иштеп, райондук, облустук деңгээлдеги мелдештерге катышууга шарт түздүк. Облустун чемпионатын да өткөрүп жүрөбүз. Нарындын намысын коргогон «Дордой» командабыз Жогорку Лигада ойноп, жыл өткөн сайын тажрыйба топтоп, кийинки эки жылдан бери үчүнчү орунду ээлеп, коло байгени жеңип келатат. Мүмкүнчүлүктөр бар, чемпиондук үчүн күрөшүүгө деле анын кудурети жетип калды. Биздин команда алыста, четте болгондуктан Бишкектеги командалар үстөмдүк кылып, мелдеште калыстар дагы адилеттик кылбай, өксүп калган учурлар бар. Футбол боюнча «Дордой» командабыз быйыл Кыргызстандын чемпиондугу үчүн ат салышкан.

Ал эми көкбөрү - өзүбүздүн элдин руху, духу. Көкбөрү деген эрендердин оюну, кыргыз элинин сыймыгы. Көкбөрүчү жигиттерди көрүп туруп, кыргыз эли ушундай баатыр, балбан болгонун, эли-жерин коргоп келгендигин баамдайсыз. Көкбөрүнүн жаңы эрежелерин түзүүчүлөрдүн бири катары, жаңы ыкманы кеңири жайылтууга колдон келген салымымды кошуп келатам.

Көкбөрүдөн да татыктуу команданы кармап, шарт түзүп, камкордукка алып жүрөм. Биздин «Дордой» командабыз Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде баш байгени жеңип, эки жолу Кыргызстандын Спартакиадасынын чемпиону болду. Былтыр Тайлак баатырдын мааракесиндеги байгени утуп алдык. Негизги атаандашыбыз – Сокулук районунун «Рассвет» командасы болуп келет. Быйыл да мыкты жигиттерден иргеп алып, жеңиштерге жетип, намысты колдон чыгарбайбыз деп турабыз.


- Нарын облусунун эң мыкты спортчуларын аныктап, аларга сый-урмат көрсөтүү салты барбы? Жылдын жыйынтыгын чыгарасыздарбы?

- Ар жыл сайын – 14-февралда Нарындагы «Намыс» программасынын жыйынтыгын чыгарабыз. Анда спортсмендерге жана машыктыруучуларга атайын номинациядагы сыйлыктар тапшырылат. Былтыркы спорттук мелдештердин жыйынтыгы боюнча лыжачыларды аныктап, сый-урмат көрсөтөбүз. Футболчуларга, көкбөрүчүлөргө, балбандарга, ал түгүл Пусанда өткөн XIV Азия оюндарында байгелүү орундарга жеткен нарындык жердештерибизге да сыйлыктар тапшырылат. Мисалы, Пусандагы Азия оюндарында бокстан коло байге уткан жердешибиз Таалай Кадыралиевге, «Дордой» спорт клубунун мүчөсү Уран Калиловго, футболдон Кыргызстандын эң мыкты чабуулчусу аталган «Дордой» командасынын капитаны Замир Жумагуловго, көкбөрүчүлөрдөн Эмил Бокошевге, Кубаныч Изабаевге сый-урмат көрсөтүлөт. Нарындан дагы мыкты спортчулар чыгаарына терең ишенем.
XS
SM
MD
LG