Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Орусия менен АКШнын эксперттери эл аралык Космос бекетинин тагдырын талкуулашат


МОСКВА. Орусия менен АКШнын өкүлдөрү ушул айда Колумбия космостук кемесинин кыйрап калышына байланыштуу, эл аралык космос бекетинин тагыдыры жөнүндө пикир алмашышат. Итар-Тасстын Орусиянын космостук агенттигинин жетекчиси Юрий Коптевге шилтеме берип маалымдашынча, орусиялык жана америкалык адистер бекетке экипаждар менен жүктөрдү орусиялык космостук кемелер менен жеткирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. “Колумбия” космостук кемеси кыйрап калгандан кийин АКШ кемелерин учурууну убактылуу токтото турганын билдирген болчу. Сүйлөшүүлөр качан жана кай жерде өтө турганы маалымдалган жок. Учурда НАСАнын өкүлдөрү Колумбиянын кыйрашынын себептерин иликтөөнү улантууда.

XS
SM
MD
LG