Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Иран Иракка каршы ыктымал боло турган согушта бейтарап болот


БРАТИСЛАВА. Ирандын тышкы иштер министри Иран Ирак маселесин дипломатиялык жол менен чечүүнү колдойт деп билдирди. Камаль Харрази бул билдирүүсүн Братиславада Словакиянын тышкы иштер министри менен сүйлөшкөндөн кийин жасады.
"Иракка каршы ыктымал боло турган согушта биз бейтарап болобуз жана менин ойумча кризисти тынчтык жолу менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгү дагы эле бар", - деп билдирди Харрази.
Харрази согушту болтурбоого аракеттенүү керек экенин билдирип, Ирак кризисин чечүү маселесинде акыркы сөз Коопсуздук Кеңешине таандык экенин баса белгиледи. Харрази Словакияга кечээ эки күндүк визит менен келген. Визиттин борборунда эки тараптуу сооданы жана кызматташууну өнүктүрүү маселеси болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG