Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАКЫНДА ӨТКӨН PЕФЕРЕНДУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ТАЛАШ УЛАНУУДА


Кыргызстандын Башмыйзамынын жаңы редакциясы 2-февралдагы референдумда жактырылды. Элдик пикирдин жыйынтыгы маалымдоо каражаттарында, калк арасында кызуу талаш-тартышты жаратууда.

70 жылдан ашуун бийликте турган советтик коммунисттердин тушунда империянын Башмыйзамы эки ирет редакцияланган. 1990-жылы ошол социалисттик Конституцияда коммунисттик бийликтин тизгини кыйла тартылып, башкаруунун президенттик институту киргизилген. Кыргыз парламентчилери республиканын туңгуч президентин шайлашкан. Бир жылдан соң, 1991-жылы октябрь айында, республиканын президенти атаандашсыз шайлоодо калк колдоосуна ээ болгон. Өз алдынчалыкка жетишкен республиканын жаңы Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынганы жалпыга маалым.

9 жыл аралыгында 4 ирет алымча-кошумчаланган Конституция учурунда кыйла мактоо сөздөргө арзыган, демократия жолундагы үлкөн жетишкендик катары бааланган. Башында чоң мактоого тунган Конституция жашабай жатып олуттуу өзгөрүүгө туш болду. Шайлоо мөөнөтү аякталышына саналуу айлар калганда «легендарлуу парламент» өзүнөн-өзү тарап, 105 депутаттан турган бир палаталуу парламентти кармоого бюджеттин чама-чаркы жетишпестиги байма-бай айтылып, саясий оюндан тажабаган кыргыз коомчулугунда кош палата идеясы козголуп чыккан. 1996-жылдын 16-февралында, 1998-жылдын 21-октябрында, 2001-жылдын 24-декабрында көпчүлүк элдин колдоосу менен Конституцияга 3 жолу өзгөртүү киргизилген.

Башмыйзамды 4-ирет жаңылоого кандай коомдук-саясий жагдайлар себеп болгону жалпыга маалым. Аксы трагедиясы, бийлик менен оппозициянын карама-каршылыгынын күчөшү, демократиялык жаңылануулардын солгундашы, бийликтин кризиске капталышы Конституцияга орчун өзгөртүүлөрдү киргизүүнү шарттап турган. Президент оппозиция менен ымала түзүп, Конституциялык Кеңешме түздү. Коомдук -саясий күчтөрдүн макулдашуусу менен иштелип чыккан вариант Эксперттик топ тарабынан кайра жазылып, жаңы редакциянын тексти апыл-тапыл референдумга коюлганы оппозиция менен бийликтин салттуу тирешүүсүн дагы күчөттү. Президент Акаевдин айтымында, референдумду эл колдоп берди.

- Добуш берүүнүн жыйынтыгын мен реформага каршы чыккандарга, өлкөдөгү саясий туруктуулукту бузууга, референдумду үзгүлтүккө учуратууга же аны мыйзамсыз деп жарыялоого умтулган оппозициялык күчтөргө карата элдин айкын жана ачык позициясынын билдирилиши катары баалаймын. Шайлоочулар элдин ынтымак-ырашкердигине доо кетирген күчтөргө «жок» деп жооп беришти.

Бийлик өкүлдөрүнүн мындай оптимисттик маанайына кошулбагандар деле бир топ. «Жарандык коом коррупцияга каршы» аттуу бейөкмөт уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова учурдагы шайлоо системасына ишенич жок деген пикирде:

- Cистеманы rандайча өзгөртсөк таза шайлоого жетээрибизди 5 жылдан бери айтып келатабыз. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын ченеминде, Шайлоо кодекси боюнча ачык институт болушу керек. Шайлоо комиссиялары түп-тамырынан бери өзгөртүлүшү керек. Элди эч ким алдай албайт. Көз карандысыз сот болмоюн бизде мыйзамдуулук болбойт.

Расмий бийлик тараткан, «калктын 86% ашууну референдумга катышып, анын 76% ашууну Башмыйзамдын жаңы редакциясын колдогондугу, андан көбүрөөк адам президенттин кызмат ордунда 2005-жылдын аягына чейин иштөөсүнө макулдук бергени» тууралуу маалымат талаш отун өчүргөн жок. Ошол эле учурда бийлик каршылаштарынын «референдумга тизмеге кирген калктын жарымына жакыны гана катышты» деген бүтүмүнө да ишениш кыйын. Кыргызстандын азыркы шартында элдик пикирдин так көрсөткүчүн табыш мүмкүн эмес. Калктын кыйла бөлүгү турмуштун айынан четте жүрүп, өлкө ичиндегилеринин байма-бай референдумдарга салкын мамилесин эсепке алганда, антип расмий маалыматтарга шектенүүгө негиз жок деп айтыш да кыйын.
XS
SM
MD
LG