Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Өкмөттүк комиссия дары-дармек рыногун жөнгө салуу аракетин жасоодо


Калкты дары-дармек менен камсыз кылуу, медициналык дарыларды сатып алуу жана сатуудан мамлекетке түшкөн каражатты көбөйтүү аракетин биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинде түзүлгөн өкмөттүк комиссия жасоодо. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, комиссия жакын арада дары-дармек сатууда админстративдик тоскоолдуктарды жеңилдетүү, сапатын жакшыртуу, дарыларды чет өлкөдөн ташып келүүдө бажы текшерүүсүн жеңилдетүү чараларын иштеп чыгышат. Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Кыргызстанга башка мамлекеттерден ташылып келинген дарыларга кошумча нарк салыгын жоюу мыйзамы күчүнө кирди. Мыйзам чыгаруу жыйын депуттарынын пикиринде, сырттан дарыларды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү жана дарыканаларды патент менен иштөөгө өткөрүү аркылуу бул тармактан өлкө казынасына каражаттын түшүшүн көбөйтүүгө болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG