Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

Кыргызстандагы бир катар коомдук, бейөкмөт уюмдар АКШ Улуттук демократиялык институтунун референдум жыйынтыгы жөнүндөгү маалыматын айыпташты


Кыргызстан элдери ассамблеясы шаар-айылдар ассоциациясы, Кыргызстан аялдар конгресси жана 31 бейөкмөт уюм өкүлдөрү АКШ Улуттук демократиялык институтунун референдум жыйынтыгы тууралуу маалыматын айыптаган билдирүү таратышты. Анда референдумга шайлоочулардын активдүү катышкандыгы белгиленип, «америкалык институт эки жүздүү саясат жүргүзүп, өлкөдөгү жарандык коомдордун ортосунда жик салууда»-деген кине айтылат. Билдирүү тараткан уюмдар Америка институтун республикадагы «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясына финансылык көмөк көрсөтөт, бул Кыргызстандын «Шайлоо кодексине» каршы келерин белгилешкен. АКШ Улуттук демократиялык институту референдум көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгилеп, «Конституциянын жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүү түзөтүүлөр өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзбөй» тургандыгын көрсөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG