Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Коңшу өлкөлөрдөн келген этникалык кыргыздарга бир жыл ичинде иммигрант статусу берилет


Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Миграция департаменти өлкөнүн Ички иштер министрлиги менен биргелешип кошуна республикалардан келишкен этникалык кыргыздарга бир жылдын ичинде иммигрант статусун берүүаракетинде. Бул тууралуу ишемби күнү Миграция департаментинин сырттан келгендер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Игорь Громов маалымдады. Анын айтымында, иммигрант статусун алууну каалаган жарандар жашаган жериндеги Ички иштер министрлигинин паспорт бөлүмдөрүнө же качкындар менен иштөөчү бейөкмөттүк уюмдарга кайрылып, тиешелүү документтерди тапшыруулары зарыл. Громовдун маалыматына караганда, учурда Чүй обласында 10 миң ал эми жалпы республика боюнча он беш миңге жакын этникалык кыргыздар бар. Президент Аскар Акаевдин жардыгы менен 2001-жылы 52, 2002-жылы 1496 Тажикстандан келген кыргыздар жарандык статусун алышкан.

XS
SM
MD
LG