Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Түндүк Корея АКШнын ыктымал чабуулунун кесепетинен Түштүк Корея катуу жабыр тартаарын эскертти


СЕУЛ. Пхеньян Америка Кошмо Штаттарынын Түндүк Кореяга жасай турган ыктымал чабуулу Түштүк Кореяны да жер менен жексен кыла турган окуя болот деп эскертти. Түндүк Кореянын "Родоң Синмун" деген расмий гезити "Корей жарым аралындагы абал ырбап баратат"- деп жазат.
АКШ менен Түндүк Кореянын мамилелери өткөн октябрда Түндүк Корея өзөктүк программасынын үстүнөн ишин улантып жатканын мойнуна алгандан кийин начарлап кеткен. 1994-жылкы эки жактуу келишим боюнча Түндүк Корея өзөктүк программасын токтотууга, буга жооп иретинде АКШ өлкөгө энергетикалык көмөк көрсөтүүгө милдеттенишкен.

XS
SM
MD
LG