Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Пакистан бүгүн беш индиялык дипломатка өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди


ИСЛАМАБАД. Бүгүн Исламабад Индиянын кечээги аракетине жооп кайтарып, беш индиялык дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберди. Пакистандын тышкы иштер министрлиги Индиянын башкы дипломаты Судхир Выяс менен анын төрт кызматкерине 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө уйрук бергенин билдирет. Бүгүн эртең менен Индия Пакистандын Индиядагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Жалил Абас Жиланини Кашмир сепаратисттерине жардам берип жатат деген кине менен Индиядан чыгарып жибергенин жарыялаган. Пакистан Индиянын бул аракетин кескин сындап, дипломаттын козголоңчул топтор менен байланышы жок экенин, андыктан Индиянын айыптоолору жүйөөсүз экенин билдирген. Мындан бир ай мурда Индия менен Пакистан бир-биринин элчилерин тыңчыкта күнөөлөп, өлкөдөн чыгарып жиберишкен болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG