Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

РЕФЕРЕНДУМ ДАГЫЛЕ КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮНДӨ ТАЛКУУЛАНУУДА


Апта соңундагы кыргыз басылмаларына баяндама.

Жума күнү “Республика” гезити референдумга байкоо жүргүзүүчү коомдук штабдын корутундусун жарыя кылды. Коомдук штаб референдум мыйзамсыз өткөнүн белгилеп, Конституциялык сотко арыз, бир катар эларалык уюмдарга, АКШ, Европа өлкөлөрүнө адам укугун одоно бузуп жаткан кыргыз бийлигине финансылык көмөк көрсөтүү маселесин кайра карап чыгуу өтүнүч кат жолдоорун билдирди. Референдум маалындагы көптөгөн мыйзам бузууларды каттаган жер-жерлердеги байкоочуларынын маалыматына таянып, коомдук штаб добуш берүүгө шайлоочулардын 40% ашууну гана катышканын, жарыяланган расмий маалыматтар кошуп жазуулардын эсебинен чыкканын белгиледи. «Советтик система Башмыйзамды 4-жолу редакциялагандан кийин болгону он жыл жашаган, өз алдынчалыкка жетишкен Кыргызстан 10 жылда 4-конституциялык референдумду башынан кечирди. Анын кийинки үчөөсү кандай да болсо бийликти сактап калуу үчүн Конституцияны барча-барча кескилеген медициналык операциянын эле өзү болду», - деп айтты «Ноосфера илимий ассоциациясынын төрагасы Виктор Бобров ушул эле гезитте жарыяланган маегинде. Анын пикиринче, ушу тапта Аскар Акаев тарыхый жагдайга таасир көрсөтө албайт, бийлигин сактап калуу менен гана алек. Шайлоо системасы эларалык фондунун өкүлү Чедомир Флегонун гезит кабарчысына берген жообу “Таң жарып келаткандагы шоокум” деген аталышта жарык көргөн. 30 жылдан бери көптөгөн өлкөлөрдүн шайлоосуна катышып келаткан адис: “Мен Либерия, Камбожа, Балкан өлкөлөрүндө шайлоо кандай өткөнүн көргөм. Бирок Кыргызстандагыдай мыйзам бузууларды эч жерден көргөн эмесмин”, - деген пикирин билдирген.

1991-жылдын 12-октябрындагы президенттик шайлоого тизмеге киргендердин 83%, 1995-жылдын 5-февралындагы парламенттик шайлоодо бул көрсөткүч 76% бираз ашкан. 2000-жылдын 29-октябрындагы президенттик шайлоого катышкандар 73%, кийинки жылдын 20-февралындагы парламенттик шайлоого тизмедегилердин 62% жакыны добуш беришкен,- деп жазат жума күнкү “Моя столица” гезитинде Вячеслав Тимирбаев. Анын айтышынча, 2003-жылдын 2-февралындагы референдумга 86% ашуун шайлоочулардын келип добуш бергени биртоп эле күмөндүү.

Жума күнкү “Кыргыз туусу” гезитинде М.Мамарасуловдун “”Дежур чалдар”, жашыл доллар жана ыйман” деген макаласы жарык көрдү. Макалада автор “дежур чалдар” дештин өзү карыларды сыйлабагандык экенине токтолуп, президент Акаев эл кыдырганда аны менен баарлашып, маек куруп, масилеттешүүнүн эмнеси жаман, - дейт. “Же азыркы бийлик ошончолук эле жаман иш кылып жатабы? Мамлекет башчыга урмат көрсөтүп аны менен масилеттешип жүргөн аксакалдарды “дежур чалдар” деп кордобосоңор”, - деп жазат ардагер М.Мамарасулов.

Референдумдан соң Кыргызстан жаңы доорго башбакканын, республика он жылга созулган өткөөл мезгилден кысталбай чыкканын жума күнкү “Вечерний Бишкек” гезитинде Данияр Каримов ырастады. Анын жазганы боюнча, өлкө эми президенттик-парламенттик башкарууга көчүп, мындан ары туруктуу өнүгүүнүн тилкесине кирди. Мындай өзгөрүүнү Кыргызстан эли кыйладан бери күтүп жаткан. Жаңы доор кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесине туш келди.

Саяктарды коргоо комитети 2001-жылы «Шам» басмасынан «Мээрим» фондунун көмөгү менен Улуттук илимдер академиясынын Көркөм өнөр жана манастаануу борбору тарабынан чыгарылган “Макал-лакаптар” китебин чыгаргандарды сотко бергенин жума күнү «Аалам” гезити кабарлады. Антишке китепке кирип кеткен “Саяк менен сагызганга убал жок” деген сөз курулмасы себеп болгон. “Китептин түзүүчүсүн, редколлегиянын он бир мүчөсүн сотко берелик деп чечтик. Баса, мындай жаңылыштыктар үчүн шылтоолоп эркин басма сөз органдарын сотко берип келдиңер. Аларга коюлган кичинекей эле кинеге олчойто акча кесишип, сот органдары «Республика», «Асаба», «Моя столица», «Кыргыз ордо» жана башка газеталарды аксатып, чындыкты айткандыктары үчүн куугунтукка алып келдиңер. Эми бул чындык ишке сот органдары эмне дешээр экен?» - деп жазат Жапар Кенчиев.
XS
SM
MD
LG