Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

МИНИСТРЛИКТИН МАКСАТЫ – БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КӨТӨРҮҮ


Билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова менен маек.

- Урматтуу Ишенгүл айым, сиз министрликке келгениңизге бир жылга жакындап калды. Тармакты башкарууда сапатка айрыкча басым жасап жатканыңызды айтып жүрөсүз. Сапаттык деңгээлди көтөрүүдө кайсы маселелер көбүрөөк көңүл чордонунда болууда?
И.Болжурова:- Алдыга койгон максатты ишке жакшы ашырыш үчүн министрликтин өзүнө дагы реформа зарыл. Ошондуктан, административдик реформалоо жолуна түштүк. Үлгүлүү министрлик бололу деп финансы министрлиги менен ресурстук макулдашуу түздүк. Анын негизинде чет өлкөлүк тажрыйбаларды пайдалануу жана өз күчүбүздү таразалоо аркылуу жок дегенде беш-он жылдык стратегияны түзүүгө, билимдин туруктуу жана алдыңкы саясатын жүргүзүүгө жөндөмдүү жаңы структураны ойлоп чыктык. Функцияларды бөлүштүрүп иштеп жатабыз. Азыр кадрларды кабыл алуу жүрүүдө. Мурда министрликте жогорудан төмөн карай түзүлгөн башкармалыктар болсо, азыр функционалдык милдеттерге ылайык түзүлгөн жаңы структура калыптанууда. Ага ылайык стратегия, прогноздоо жана нормативдик база түзүү, билимдин сапатын иликтөө жана маданият саясатын жүргүзүү боюнча үч негизги башкармалык негизделди. Анын ичине дагы көп жаңылыктарды киргиздик. Министрлик функционалдык жаңы структурасы менен жакшы иштеп кетсе, менимче, билим дагы көп натыйжаларга жетет деп ойлойм.
- Ушу жаңы кадамдар азыр иштеп жаткан мыйзамдарга канчалык деңгээлде дал келет?
И.Болжурова: - Менин сүйүнгөнүм – Конституциянын жаңы редакциясынын 32-беренесинде көп жагдайларга чекит коюлду. Мисалы, негизги жалпы билим акысыз жана милдеттүү болот, деген жобо кирди. Өзүңүз билесиз, үч-төрт жыл министрликте да, мугалимдер арасында да тогуз жылдыкты акысыз жана милдеттүү кылуу, ал эми онунчу, он биринчи жана келечектеги он эки жылдыкты (мисалы, Кытайдагыдай) акы төлөөгө өткөрүү маселеси талаш-тартышты туудуруп келген. Башмыйзамдын 32-беренесине дагы бир жаңылык киргизилди. Ага ылайык билим берүүнүн бардык формаларын мамлекет көзөмөлдөйт. Биз караган структура бул жагынан да мыйзамга дал келип калды. Албетте, мындан тышкары жаңы редакция кабыл алынгандан кийин ага ылайыктап мыйзамдык- нормативдик базабызды оңдошубуз керек. Биринчиден, бул «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга тиешелүү. Чет өлкөлөр менен карым-катышка, дүйнөлүк стандарттарга байланышкан маселелерди мыйзамга ылайыктоо зарылдыгы бар. Жаштарга өз мекениндеби же чет өлкөлөрдө иштешеби, мүмкүнчүлүктү кеңири түзүп беришибиз керек. Алардын дипломдорунун бардык жерде жарактуулугуна кам көрүүбүз зарыл. Мына ушул өңдүү аракеттердин өзөгүндө билимдин сапаты турушу керек. Биз кичинекей өлкөбүз.Ошондуктан, өзүбүздүн тажрыйбабызды талдап, дүйнөдөгү билим тармагынын өнүккөн багыттарын батыраак кабыл алып, бир жыйынтык чыгарууга милдеттүүбүз.
Азыр бизди көп маселелер түйшөлтүп турат. Маселен, алдыда жаңы муундагы кадрларга кандай билим берүү керек, кадрларды кайра даярдоо маселесин кандай чечебиз, сырттан окууну кайра кароо деген өңдүү маселелер бар. Сырттан окуган студенттердин саны 95 миңге жетти. Элге барганда сырттан окутуу балдарга кандай билим берет деп сурап калышат. Азыр экономисттикке, эл аралык деңгээлге багыттаган окуулар көбөйүп кетти.Ошондуктан, эң негизгиси министрликтин алдында билимдин сапатын көтөрүү милдети турат.
Анан экинчи максат - элдин көзөмөлүн арттыруу. Ар бир жаран, коомчулук өз балдары, алардын келечеги жөнүндө ойлосо аларды тарбиялоо максатын алдыга коюшу керек. Билим берүүнү элдин көзөмөлүнө коюу- дүйнөлүк практикада бар. Мисалы, Израилди алсак, ал жерде окутуп, тарбия берүүнү ата-эне үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат.
- Биртоптон бери айтылып келаткан дагы бир урунттуу маселе – кыргыз жана орус, айыл жана шаар мектептеринин билим берүүсүндөгү сапаттык ажырым. Бул өксүктөн кантип арылышыбыз керек? Кандай иштер жасалмакчы?
И.Болжурова: - Бул менин да жүрөгүмдү оорутуп, намысыма тийген нерсе. Фактыларды салыштырып карап көрдүм, айыл менен шаар мектептеринин ортосунда айырма көбөйүп баратат. Фактысыз деле көрүнүп турат. Кыргыз мектептеринде билим берүүнүн сапаты төмөн. Кээде тарыхчы катары башынан келаткан бул проблеманы бир жылда эле оңдоо мүмкүн эмес деп, өзүмдү-өзүм тынчытууга аракет кылам. Бирок, менимче, муну оңдоого болот. Бирдей эле шартта элетте иштеген мугалимдер кандай билимдүү балдарды тарбиялап жатышат? Ар бир атуул, мугалим мамлекеттин, мектептин алдында парзын жакшы аткарып,, өзүнүн мугалимдик статусун сактаса болбойбу? Ал жалаң эле акча менен ишке ашпайт да… Мен элге барганда кээ бир мугалимдердин үйлөрүнөн жеке китепканасында төрт-беш эле китеп турганын көрөм. Ошончо акча аш-тойлорго кетип калып атпайбы.
Бул маселеге биз азыр комплекстүү карап жатабыз. Министрликте «Айыл мектеби» деген программанын долбоорун иштеп чыгып, элетке жиберүүдөбүз. Айыл мугалимдерине сунуштап: биз теориясын карап, момундай проблемаларды киргиздик, эми өзүңөр карап көргүлөчү, кандай сунуштарыңар бар, аткара алабызбы, деген суроо койдук. Өкмөт, донор уюмдар менен да сүйлөшүүлөр учурунда ушул маселени талкуулап жатабыз.
- Биринчи январдан баштап атайын иштелип чыккан мыйзамга ылайык өкмөттүн токтомунун негизинде жазуунун орфографиялык жаңы эрежелери кирди. Бул кандай жол менен чечилип жатат? Мугалимдер эрежелерди эмнеге таянып, кандай ишке ашырууда?
И.Болжурова: - Бул капыстан чыккан маселе болуп калды. Азыр эми мыйзамга ылайык мектептерге орфографиялык эрежелердин китепчесин жөнөтүп жатабыз. Министрликте кыргыз тилчилердин, мектеп жетекчилеринин жазуу иштеринде ушул эрежелердин сакталышын көзөмөлдөшүн ыңгайлаштырган чечим чыккан. Бир-эки жолу семинар өткөрдүк, февраль айында областтык жетекчилерди чогултуп атабыз ошондо да бул эрежелерге байланышкан маселелерди карап чыгабыз. Токтом кабыл алынгандан кийин, аны аткарабыз.
- Кийин мектепти бүтүрүү, жогорку окуу жайларга тапшыруу экзамендеринин учурунда жаңы эрежелерге байланыштуу кошумча түйшүктөр пайда болот деген чочулоо жокпу?
И.Болжурова: - Менимче, азырынча окуучулар жана мугалимдер эрежелер менен толук камсыз болбогондон кийин алардын укуктарын сакташ үчүн мурункуну да, азыркыны да туура деп белгилейбиз. Антпесек, эл бизди түшүнбөй калат.
- Эгемендүүлүк жылдары маданият башка тармактарга караганда көбүрөөк жабыркады. Маданият кызматкерлери билим берүү министрлигине кошулгандан кийин дагы ага өгөй баладай мамиле жасашууда, маданиятчылар бөлүнөбүз деп да чыгышкан. Маданият тармагынын азыркы жагдайы кандай?
И.Болжурова: - Бир жолу мага бирөө маданиятка өгөй баладай эмес, өз баладай мамиле жасасаңыз деп суранды эле. Менин эле сөзүм болбосун, өзүңөр маданият тармагынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп көрсөңөр, эң эле биринчи министр болуп келгенде маданият ишмерлеринин аксакалдары, жаштары менен жолугуштум. Министрликтин алдында көркөм кеңеш ачалы, силер жардам бергиле, биз жаңы тепкичке көтөрүлөлү деп кайрылдым. Өзүнчө министрлик керек, бөлүнөбүз дедик эле, эми маданиятты түшүнгөн жетекчилер келишти, бул маселени козгобойлу деп маданият ишмерлери сөз беришкен. Экинчи жагынан, азыр маданиятка өзгөчө көңүл буруп атабыз. Чоң план түзүп чыктык. Областтарда, райондордо бөлүмдөрдү ачып жатабыз. Бул жылы финансы министрлиги маданият тармагына 7 миллион сом бөлдү. Министрлик эстрададан баштап китепканага, сүрөткө, драма артисттерине чейин маданиятка өзгөчө көңүл буруп атабыз. Акырындан тажрыйба топтоп атабыз, президентибиз маданият ишмерлерине көңүл буруп атат. Менимче, бөлүнөт элек, өгөй бала болдук деген маселе көтөрүлбөйт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG