Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Сыбызгы 19: ЭВРИПИДДИН ТРАГЕДИЯСЫН КАЗАК ДАСТАНЫ КӨРКҮНӨ ЧЫГАРДЫ


Америкада качкындар тууралуу байыркы грек трагедиясынын Америкада, казак дастанчысынын катышуусу менен кайра коюлду.

Алгач дүйнөлүк жана борбор азиялык маданий куш кабарлар менен таанышалы.
--
Мал артынан жүргөн адамды жана анын дүйнөсүн чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ушул күндөрү Прагада өтүп жатат. Кой жылында уюштурулган 'Чабандын ааламы" деген экспозицияда сербиялык фотограф Драган Драгиндин тоолуу Черногориеде тарткан сүрөттөрү коюлган. "Чабандын ааламына" эмне үчүн кайрылдыңыз? Фотограф Драгин бул жообун узатты:

"Тоодо жашаган адамдар мен үчүн жок болуп бараткан дүйнөнү билдирет. Биз жер шарында кечээ пайда болгон жокпуз, мында миңдеген жылдардан бери жашайбыз. Өткөнгө кылчайып, тарыхыбызды үйрөнө жүрбөсөк, ким экенибизди кантип билебиз",- дейт каратоолук чабандардын турмушунан бир шиңгилдерди прагалыктарга тартуулаган фотограф. Белгилүү чех сүрөткери, маркум Йозеф Судектин реставрацияланып, кайра ачылган студиосунда малчы жана түздүк, чабандын энеси жана бозгулт асманда каалгып учкан каргалар, бала жана дөңсөө өндөнгөн диптих же экилтик сүрөттөрдү көрө алабыз.

Драгиндин сөзү менен айтканда, чабан - бул сергектиктин символу; асман, күн, ай, жылдыздар - анын кол үзүшпөс курбулары, чабан ар бир добуштун маани-маңызын сезе билет; кооз бирок каардуу жаратылыштагы жашоодон улам курчуган даанышмандыгы анын сезимдерине жол көрсөтүп турат.

--

Ушул күндөрү Британияда бир катар бий топтору, анын ичинде Падышачыл балет жана Рудольф Нуриев атындагы фонд атактуу бийчи көз жумган күндүн он жылдыгын белгилешүүдө. Алатоодой эт туурап, Алакөлдөй чык кайнатып эмес, көп сандаган көргөзмөлөр, кинокөрсөтүүлөр жана албетте бий кечелери менен майрамдап жатат. Падышачыл опера театрында жана Лондондогу театралдык музейде 20-кылымдын улуу бийчисинин кийимдеринин жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Улуту татар советтик бийчи 60-жылдардын башында, жашы 20дан жаңы ашкан курагында Батышка гастролго барып, ошол бойдон калып калган. Нуриев Лондондун Падышачыл балетинде 15 жыл башкы бийчи болуп турган. Аны Батыш көрүүчүлөрүнө биринчилерден болуп даңазалуу англис балеринасы Марго Фонтейн тааныштырган. Белгилүү балетмейстер Аштон экөө үчүн атайлап "Маргарет жана Арман" деген балет койгон. Дал ушул балеттен кийин Нуриевдин атагы алыска тараган. Нуриевдин "Жизелдеги" Алберттин партиясы, Ромеонун жана " Ак куу көлүндөгү" Зигфриддин ролдору да көрөрмандардын купулуна толгон. Театралдык музейдеги көргөзмөнүн ачылышында Рудольф Нуриев заманбап балет өнөрүнө төө көтөргүс кызмат өтөгөнү белгиленди.

--

Жапания Өзбекстандагы тарыхый эстеликтерди сактоого каражат бөлдү. Жапан өкмөтүнүн 141 миллион доллардык гранты тууралуу келишимге 29-январда Ташкенде кол коюлду. Каражат Хива, Бухара жана Самаркан шаарларынын маданий мурастарын сактоого сарпталат. Макулдашууга Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Хамидулла Караматов жана Жапаниянын Ташкендеги элчиси Акио Кавато кол коюшту.

--

Үстүбүздөгү жыл Орусияда Казакстандын жылы деп жарыяланды. Бул окуяга арналган маданий иш-чаралардын бет ачаары тууралуу Маскөөдөн кабарчыбыз Төрөкул Дооров кабар берет:

Төрөкул Дооров: Орусияда Казахстан жылын белгилөө иши маданий программа менен башталды деп айтууга толук негиз бар. Өткөн жылдын 24-декабрында Москвадагы «Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө» КМШ мамлекеттеринин сүрөтчүлөрүнүн Кеңештер Конфедерациясынын 10-жылдык мааракесине арналган «Улуттар искусствосу» аталышындагы көргөзмө ачылды.
Көргөзмө постсоветтик аймактагы баардык өлкөлөрдөгү сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин негизги иштерин жыйнап, алардын он жылдык ишиндеги жетишкендиктерди даңазалайт. Казахстандын Эл сүрөтчүсү Эркин Мергеновдун маалыматында, иш-чарага Казахстан 60тан ашуун живопистик жана графикалык чыгармаларды, ошондой эле 20 айкел жөнөткөн. Сүрөтчүнүн пикиринде, бул көргөзмөгө Казахстандын катышып жаткандыгын дагы бир чоң миссия менен терең байланышта кароо зарыл. Анткени, казахстандык сүрөтчүлөр жана айкелчилер, дегеле, казак элинин чыгармачыл катмары Орусиядагы Казахстан жылын ачкан биринчи иш-чаранын башында турушууда.
17-февральда Казахстан Президенти Нурсултан Назарбаев Орусияга келүүсү күтүлүүдө. Назарбаевдин иш-сапары учурунда эки өлкөнүн президенттери тарабынан «Казахстандын Орусиядагы жылдыгы» туурасында расмий түрдө жарыя кылынмакчы".

--

Эми Сыбызгы уктуруубуздун негизги темасына келели. Заманбап исскустводо эски менен жаңыны чабыштырып, жаңыча көз менен кайра иштеп чыгуу аракеттери көп кездешет, анткени мындан миңдеген жыл мурда жаралган чыгарма да бүгүнкү күндүн көйлөрүн түшүнүүгө жардам бериши мүмкүн. Бүгүн мына ушул жааттагы жөрөлгө - Кошмо Штаттарында казак дастанчысынын катышуусу менен "Гераклдын балдары" деген трагедиянын сахнага чыгарылышын сөз кылмакчыбыз.

Байыркы грециялык драматург Эврипиддин трагедиясында атасынын көзү өткөндөн кийин, Гераклдын балдары бийлик төбөлдөрүнүн куугунтугуна кабылып, жер кезип кетүүгө аргасыз болот. Бирок баш калканч издеген балдарды эч ким кол жайып күтпөйт, тескерисинче ар бир чек арада аларды артка кубалашат. Мындан 2 миң 400 жыл мурда жаралган качкындардын кабырганы кайыштырган тагдыры тууралуу чыгарма кудум бүгүн эртең менен жазылгандай.

Мына ушул чыгарманын негизинде Бостондогу "Америкалык Репертуар" театрынын режисеру Петер Селларс бүгүн Америкада баш калканч тапкан качкындардын тагдырын жуурулуштуруп, байыркы трагедияны жаңычасынан сахнага чыгарды. Жаңы спектаклде казактын дастанчысы, коңур үндүү Уулжан Байбусынова домбрада нукура элдик ырларды аткарат. Эл аралык качкындар кризисин чагылдырган трагедиянын Борбор Азияга түздөн түз тийешеси жол болгону менен, Байбусынова шордуу балдардын тагдыры тууралуу баянды коштоп, домбрада ырдайт.

Уулжан Байбусынова - кызылордолук дастанчы, дастан айтууну Шамшат Толепова жана Алмаз Алматов өндөнгөн ырчылардан үйрөнгөн. Ал ыр өнөрүн илимий иш менен айкаштырып, Алматыдагы Улуттук консерваторияда кандидаттык ишин жактаган.

Бир жарым саатка созулган "Гераклдын балдары" сахнага 4-январдан баштап чыга баштады.
Спектаклдын алдында 45 мүнөттүк талкуу жүрүп, анда журналист Кристофер Лайден белгилүү саясатчыларды, качкындар менен иштеген соопчулук уюмдарынын өкүлдөрүн жана изилдөөчүлөрдү кепке тартат. Ошондой эле Бостон шаарынын аймагында жашаган качкындар өз башынан өткөргөн окуяларды ортого салышат.

Талкууда Уулжан Байбусынова Эврипиддин трагедиясы ага биринчи окугандан эле түшүнүктүү болгонун билдирди жана "миң сөз айтканча, бир жолу ырдаган артык" деген казактын накыл кебин эскерип, колуна домбурасын алды.

Харвард университетинде Казак элдик музыкасын изилдеген Норико Тода америкалык көрүүчүлөр казак ыр-күүлөрү менен тааныштыгы жок экендигин белгиледи. Ошентсе да, изилдөөчүнүн пикиринде, трагедиянын башкы темасы болгон качкындардын тагдыры жөнүндөгү баян жана Уулжан Байбусынова аткарган ырлардын муңдуу кайрыктары кошула келгенде, спектаклдын көркү чыга түшөт.

Концертке келгендердин арасында Харвард университетинде опера өнөрүн өздөштүрүп жаткан Тимур Бекбосунов да болду. Казакстандын жараны өз өлкөсүндө исскуствого киреше алып келүүчү тармактай мамиле жасалаарын сынга алды. "Исскуство адам баласына армия, дарыгерлер сыяктуу эле керек нерсе. Артист дарыгер сыяктуу, ал оор көз ирмемде келип, жардам бере алат",- деди опера ырчысы Тимур Бекбосунов.

Ошентип, 2002-2003-жылдагы театралдык сезондо сахна өнөрү менен катар, турмуш көйгөйлөрүнө сергектик менен мамиле жасоого таянган баарлашуу - "Америкалык Репертуар" театрынын жаңы жөрөлгөсү болуп калды.
XS
SM
MD
LG