Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Кыргызстанда Эне тили майрамы белгиленди


Кыргызстанда 21-февраль Эне тили майрамы катары белгиленет. Улуттар уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечими менен бул күн «Эне тили күнү» деп жарыяланган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чолпон Түмөнбаева билдирди. Эне тили майрамы Кыргызстанда быйыл алгачкы ирет белгиленет. Буга байланыштуу республиканын бардык аймактарында даярдыктар жасалып, мектептерде майрамдык программалар даярдалууда. Эне тили майрамы академик Бүбүйна Орузбаеванын пикири боюнча, элдин сезиминен түнөк алышы керек. «Бул майрамга, ага байланыштуу Улуттар уюмунун чечимине улуу майрамдардын катарында элдин баарынын сезиминен терең орун ала тургандай чоң маани берилиш керек. Бул чечим биздин тилибизге мамлекеттик статустун бергилишин туура экендигин дүйнөгө айгинелеген документ», - дейт Бүбүйна Орузбаева.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG