Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Аялдар маселесине арналган Көл кылаасындагы жыйын соңуна чыкты


Жекшембиде Көл кылаасындагы Чолпоната шаарында өткөн аялдар маселесине арналган үч күндүк семинар өз ишин аяктады. Швециянын эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин жардамы менен өткөн бул семинарга Нарын, Ысыккөл, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынан аялдар уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу, жогорку бийлик структураларында алардын санын арбытуу, жергиликтүү кеңештерге, парламентке шайлоодо колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Өткөн жылдын ноябрь айында ушундай эле семинар Ош, Жалалабат, Баткен облустарындагы аялдардын катышуусунда өткөрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG