Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Европарламент жыйынына Кыргызстандан партия жетекчилери катышат


12-февралда Страсбургда өтүүчү Европарламент жыйынына катышуу үчүн Европага аттанган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров, «Республика» партиясынын башчысы Гияз Токомбаев бүгүн Вена шаарына келишти. Европарламент жыйынында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы саясий кырдаал, адам укуктарынын абалы каралмакчы. Дүйшөмбүдө А.Бекназаров, Г.Токомбаев Адам укуктары боюнча эларалык Хельсинки Федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы адам укугунун абалы, саясий кырдаалды айтып беришет. Кыргызстандык саясатчылар эларалык укук коргоо уюмдары, Гаагадагы эларалык сот өкүлдөрү менен да жолугушмакчы. Венадагы адам укугу боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин айтуусунда: «Франциянын, Нидерландынын жана башка эларалык укук коргоо уюмдары менен бирдикте Гаагадагы эларалык сот өкүлдөрү менен жолугушуп, бул сотко Аксы окуясы маалында 5 адам атып өлтүрүлүп, 24 адам жараат алып, жүздөгөн адамдар жабыр тартканына байланыштуу материалдарды өткөрүүнүн жол-жобосун иликтеп” талкуулашмакчы.
Страсбургдагы Европарламент жыйынына ЕККУдагы Кыргызстандын өкүлү Аликбек Жекшенкуловдун да катышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG