Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

МУФТИЙ МУРАТААЛЫ АЖЫ ЖУМАН УУЛУ: «КУРМАН АЙТ - КУБАНЫЧТЫН МАЙРАМЫ»


11-февралда мусулмандар өздөрүнүн улуу майрамдарынын бири Курман айтты белгилешет. Курман айттын маани-маңызын, аны кантип тосуу керектигинин жөн-жайын Кыргызстан мусулмандары башкармалыгынын Муфтийи Муратаалы ажы Жуман уулу түшүндүрүп бермекчи.

- Муратаалы ажы, 11-февралда мусулмандар өздөрүнүн улуу майрамдарынын бири Курман айтты белгилешмекчи. Бул майрамдын маани-маңызын түшүндүрүп берсеңиз?

- Бисмиллахи р- рахмаании р-рахиим. Урматтуу эл-журт, кадырлуу мусулмандар, мен Сиздерди 11-февралдагы Курман айт майрамыңар менен куттуктайм. Бул күнү колунда бар адамдар жана ошондой эле буга күчү жеткендер бир жандыкты Алла-Тааланын жолунда курмандыкка чалышы зарыл. Бул эмне себептен келип чыккан? Өз доорунда жашап өткөн Ибрагим пайгамбар бир ирет жатып түш көрөт. Түшүндө ага Алла-Таалам «сен өз уулуңду Алланын жолунда курмандыкка чал» деген буйрук берет. Ушундан кийин Ибрагим пайгамбар бычагын курчутуп, 7 жашар баласы Исмаил-алекисаламды соймок болот. Бирок бычагы өтпөй коет. Ошол маалда Алла-Тааламдын Жебреил периштеси асмандан жерге тирүү көк кочкорду алып түшүп, «мына ушуну Алла-Таалам өз уулуңдун ордуна сой деп буйруду» дейт. Ибрагим өз баласынын ордуна ошол көк кочкорду сойот. Мына ошондон бери мусулмандарга бир жандыкты курмандыкка чалуу буйрук болуп калган.

- Муратаалы ажы, кандай жандык союш керек – койбу, уйбу же тоокпу – ушуну тактай кетсеңиз?
- Кой, эчки же уй союш керек. Колдон келсе төө сойсо да болот. Шариятта тоок, каз, өрдөк же жылкы баласын союу жөнүндө айтылган эмес. Бир үй-бүлө бир кой же эчки сойсо болот, ал эми уйду жети үй-бүлө бөлүп алганы туура.

- Мал союп, Куран окуткандан тышкары Курман айт күнүн мусулмандар кантип өткөрүшү керек?

- Албетте, бул күнү айт намазы окулат. Айт намазы окулгандан кийин мал союлат. Бул күнү эртең менен эрте туруп, жуунуп-тазаланып, даарат алып, айт намаз окуган жерге барганга чейин, намаздан кайткан жолдо бей-бечара, жетим-жесирлерге кайыр-садага кылып, колунан келген жардамын берүү керек. Мындан тышкары ден-соолугу начар адамдардын абалын да сурап, аларды барып көрүү милдет. Эң негизгиси, урушуп, жаңжалдашып жүргөн адамдар Курман айттын урматына бири-бирине кечиримдүү болуп, бул күнү элдешип алганы оң. Анан дасторкон четинде отуруп, союлган малдын болобу же жакшы даярдалган башка тамак-ашка болобу - Куран окутуп, көзү өткөн адамдарды жоктоп, жакшы тилек кылып, майрамдык маанайда бул күндү кубаныч менен өткөргөнү оң.

- Муратаалы ажы, эмне үчүн Курман айт кубанычтын, сүйүнүчтүн майрамы делинет?

- Ким эгерде күнөө кылып, Алла-Тааладан тилек кылып, тобо кылса ал күнөөлөрүн Алла-Таалам ушул улуу күндүн урматына кечем деген убадасы бар. Ошол себептен бул күндү биз кубанычтын, сүйүнүчтүн күнү дейбиз. Бул күнү колунда бар бай адамдар жана фонддор, жеке менчик ишканалар эки-үчтөн уй союп, бей-бечараларга таратышат. Алар менен бирге биздин муфтият да быйыл колунда жокторго жана студенттерге жардам көрсөтөлү деп жатабыз. Сөз аягында айтаарым, бул күнү мал союп, курмандык чалган мусулмандардын тилеги кабыл болуп, жолдору ачылышын Алла-тааладан тилеп кетели.
XS
SM
MD
LG