Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Сасык тумоонун айынан Таласта окуу жайлар жабылды


ТАЛАС. Облустук санэпидстанциянын башкы эпидемиолог-дарыгери Дамира Алиеванын маалыматына караганда, Талас облусундагы жалпы билим берүүчү 110 мектептин бардыгында окуучулардын 20%тен көбү сасык тумоолоп калышкан. Ушундан улам сабактар 12-февралга чейин токтотулган. Мындан тышкары Талас медициналык орто окуу жайында, Талас университетинин алдындагы лицейде да окуу убактылуу токтоду. Ооруга каршы дары-дармек тартыш боло баштагандыктан жоопкерчилиги чектелген «Көктөм Талас» коомунун рецепт бөлүмү да атайын лицензиянын негизинде дары жасап сатыкка чыгарууда.

XS
SM
MD
LG