Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Германиянын өкмөтү Кыргызстандын ички иштер министрлигине жардам көрсөттү


БИШКЕК. Германиянын өкмөтү Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгына 18 миң доллар өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу 10-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, Германиянын элчиси Клаус Ахенбах башкармалыктын кызматкерлерине үч «Нива» автомашинасын, эки компьютер, видеокамера жана башка заманбап техникаларды салтанаттуу шартта тапшырып, баңги заттардын мыйзамсыз таралышына каршы күрөшүүдө эки мамлекеттин кызматташтыгы бекемделип баратканын белгилеген. Өз кезегинде мындай жардамы үчүн Ички иштер министринин биринчи орун басары, полковник Расулберди Раимбердиев Германия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG