Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Кыргызстандагы бардык жогорку жана атайын орто окуу жайларына лицензия берилет


БИШКЕК. Ушул жылдан баштап Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларына Билим берүү жана маданият министрлигинин атайын лицензиясы бериле баштайт. Ага негиз берген жаңы өзгөртүүнү «Лицензиялоо жөнүндөгү» мыйзамга Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жумада киргизди. Өзгөртүүнүн демилгечилеринин бири депутат Жангороз Каниметовдун айтымында, бул жогорку жана атайын орто окуу жайларындагы билим берүүнүн деңгээлин жогорулатып, адистерди сапаттуу даярдоо боюнча алардын жоопкерчилигин арттырат. Анткени буга чейин лицензия менчик окуу жайларына гана берилчү. Ал эми Кыргызстанда азыр бардык жогорку окуу жайларынын саны 40тан ашып, алардын жер-жерлердеги филиалдарынын саны 110го жеткен. Өткөн жылкы атайын текшерүүдөн кийин министрлик менчик жогорку окуу жайларынын элүүдөн ашык филиалынын лицензиясын жараксыз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG