Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Мыйзам чыгаруу жыйынынын регламентине өзгөртүү киргизилет


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын регламентине өзгөртүү киргизүү максатында палата төрагасы Абдыганы Эркебаев башында турган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 10-февралда Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматынын жетекчиси Эмил Ниязов билдирди. Анын айтымында, комиссия курамына палатадагы фракция жетекчилери жана көз карандысыз айрым депутаттар кирди. «Кыргызстан» депутаттык тобунун жетекчиси Ишенбай Кадырбеков дүйшөмбүдө маалымдаганына караганда, Конституциянын жаңы редакциясына ылайык палатанын ишмердүүлүгүн аныктоочу регламент мындан ары мыйзам катары кабыл алынат жана ал президент тарабынан бекитилет. Регламентте 300 дөй берене бар, анын баарын Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктап түзүш үчүн бир топ убакыт талап кылынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG