Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Нарында коммунисттер жана И. Кадырбековдун тарапкерлери референдумдун жыйынтыгына карата өз пикирлерин жарыялашты


НАРЫН. Кыргызстан коммунисттер партиясынын Нарындагы мүчөлөрү жана депутат Ишенбай Кадырбековду коргоо комитети референдум жыйынтыктарына карата пикирлерин жарыялашты. 10-февралда партия мүчөлөрүнөн алынган маалымат боюнча, референдумдун жыйынтыгы жергиликтүү бийликтер тастыктагандай өтө натыйжалуу болгон жок. Партия мүчөлөрүнүн жана көз карандысыз байкоочулардын айтымында, нарындык шайлоочулар референдумга 93% эмес, 34% гана катышкан. Адегенде бийликтер «97% катышуу болду» деп айтып алышып, андан кийин бул көрсөткүчтү 4% төмөндөтүшкөн. Анткени айрым участоктордо шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгондугу кийинчерээк айкын болгон.

XS
SM
MD
LG