Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Черногориялыктар өлкө президенттин кайрадан шайлай албай калды


Черногориядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы да натыйжасыз аяктады.
Борборшайлоокомдун маалымдашынча, жекшемби күнкү добуш берүүгө шайлоочулардын 47 проценти гана катышкан. Ошондуктан, башкаруучу коалициянын өкүлү, учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Филип Вуянович атаандаштарын жеңип чыкканы менен, шайлоо болбой калды деп билдирди Борборшайлоокомдун төрагасы Златко Вуйович.
Декабрда өткөн шайлоонун биринчи айлампасына шайлоочулардын 46 проценти катышкан болчу.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ОБСЕ шайлоого бойкот жарыялаганы үчүн оппозицияны жана мамлекеттик кызматкерлерди добуш берүүгө мажбурлаганы үчүн коалициялык өкмөттү сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG