Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Женевада болчу жыйынга АКШ катышпайт


Күтүлүп жаткан Ирак согушу алып келчү гумманитардык мүшкүлдү талкуулоого арналган Швецариядагы жыйынга Кошмо штаттары катышпайт деп билдирди АКШнын Женевадагы миссиясынын өкүлү.
Белгисиз калууну өтүнгөн өкүлдүн сөзүнө караганда, АКШ жыйынга караганда, Улуттар уюму аркылуу Иракка жардам берүүнү колдоо маанилүү деп эсептейт.
Иракта капылет согуш башталса, өлкө калкына гумманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулаган жыйынды 15-16-февралда Женевада өткөрүүнү Швецариянын тышкы иштер министри сунуш кылган.
Өткөн жумада Вашингтон БУУнун Качкындар агенттигине Ирактагы мүмкүн болчу гумманитардык кризиске жардам иретинде 12 миллион доллар жардам бөлгөн.

XS
SM
MD
LG