Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

КЫРГЫЗСТАНДА ИШКЕР АЯЛДАРДЫН АБАЛЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын 5 млн. калкынын 51 пайызын түзгөн аялдардын арасындагы жумушсуздук маселеси бүгүнкү күндө курч бойдон кала берүүдө.

Республикалык жумуш менен камсыздандыруу департаментинен алынган маалымат боюнча, учурда өлкөдөгү жумушсуздардын жалпы саны 152 миң адамды түзсө, анын ичинен 57 пайызы - аялдар. 2002-жылы жумуш менен камсыздандыруу мекемелеринде расмий түрдө катталган аялдардын саны 36 миң адам болду. 1999-жылы бул көрсөткүч 30 миңдун тегерегинде болгон. Башкача айтканда, жылдан-жылга республика боюнча жумушсуз аялдардын саны көбөйүп баратканы байкалат. Ошентсе да аялдар жумуш табыш үчүн көп аракет кылышууда. Республикалык жумуш менен камсыздандыруу департаментинин бөлүм башчысы Татьяна Сергеева буга байланыштуу аялдардын социалдык активдүүлүгүн белгилейт:

- Аялдар кандай гана жумуш болбосун, акы аз төлөнчү жумуштарга да, ылгабастан барышат. Мындай жумуштарга барууга эркектер көбүнесе макул болушпайт. Деги эле, аялдар өздөрүн жумуш менен камсыздоого көп аракет көрүшөт, ошондой эле, аялдар бизде жаңы кесиптер боюнча окуу курстарынан өтүшөт. Микрокредит алуу боюнча да аялдар эркектерге караганда активдүүрөөк келишет. Микрокредит алган аялдар негизинен тигүү цехтерин, соода, тейлөө, коомдук тамак-аш тармагында иш уюштурушат же болбосо айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча чакан ишканаларды ачып жатышат. Жылдан-жылга микрокредит алып, майда ишкердигин баштаган аялдардын саны арбып баратат, - дейт Татьяна Сергеева.

Эгерде 99-жылы майда ишкердик жүргүзүү максатында департаменттен 1,5 миң айым майда кредит алса, 2002-жылы алардын саны 3 миңге чыккан. Ал эми көпчүлүк аялдар, албетте, микрокредит алуунун жолдорун билишпейт. Бүгүнкү күндө жүздөгөн аялдар алыскы райондордон келип, борбор калаанын көчөлөрүндө майда соода-сатык менен алек болуп жүрүшөт. Буга байланыштуу соңку жылдарда майда соода кылуу менен балдарын багып келген Гүлмайрам Аскарова мындай дейт:

- Турмуштун оордугунан бүгүнкү күндө аялдардын көпчүлүгү - жаш кыздардан тартып карыган энелерге чейин - майда-чүйдө нерселерди сатып, оокат кылууга мажбур болушууда. Башка айла жок болуп калды. Эртеден-кечке отуруп тапкан акчабыз күнүмдүк тамак-ашка, батирге төлөгөнгө араң жетет. Өлкөбүздөгү экономикалык абал оңолсо, биз да өз үй-жайыбызга барып, бала-чакабыз менен отурат элек.

Белгилүү болгондой, жүздөгөн кыргызстандык аялдар Орусиянын ар кайсы аймактарында «челноктук» менен алектенишүүдө.

Кыргызстандагы аялдардын бейөкмөт уюмдарынын бир бөлүгү ишкер аялдарга жардам көрсөтүү багытында иш алып барышат. Бирок алар шаарларда жана айылдарда чакан ишкердик жүргүзүү боюнча кеп-кеңеш жагынан гана жардам көрсөтүп, каражат жагынан аялдарды колдой алышпайт. Антсе да «Ишкер аялдарга жардам көрсөтүү» ассоциациясынын төрайымы Гүлнара Баймагамбетова ишкер аялдардын абалы боюнча кыйла оптимисттик көз карашта.

- Мурдагы жылдарга салыштырмалуу ишкер аялдардын саны, алардын жөндөмдүүлүгү, тажрыйбасы жогорулаганы байкалат. Турмуш өзү аларды үйрөтүп жатат. Азыр ишкер аялдардын иш жүргүзүү багыттары да кеңейди. Мурда ишкермин деген аялдар соода-сатык, тигүүчүлүк иштерин гана жүргүзүшчү. Азыр болсо тейлөө, финансы, аудит, юридикалык консультация берүү, ресторан, кафелерди, майда дүкөндөрдү ачуу, ал эми элет жеринде айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында иш алып барган ишкер аялдардын саны көбөйүүдө, - дейт Гүлнара Баймагамбетова.
XS
SM
MD
LG