Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

ХУСЕЙНДИ СОГУШКА ЖЕТКИРБЕЙ БИЙЛИКТЕН ТҮШҮРҮҮ АРАКЕТИ ЖАСАЛУУДА


Оңдой берди болуп, Ирактын президенти Саддам Хусейн бийликтен кетип калса, бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагын астын-үстүн кылып, бүт дүйнөнү солкулдатат деп кооптонткон согуш болбой калмак. Ушул мүмкүнчүлүккө үмүт артып, Саударавия ирактык бийлик төбөлдөрүнө башбаанек берүү демилгеси менен чыкты. Анын аралыгында, Түштүк Африканын экс-президенти белгилүү шартта Саддам Хуссейндин өз ыктыяры менен бийликтен кетишине арачы түшөөрүн кулак кагыш кылды. Бул теманы ЖЖ иликтеди.

Жекшембиде Багдада өткөн пресс-конференцияда Ирак президентинин кеңешчиси Амер ал-Саади кайрадан "биз Бириккен Улуттар уюумунун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын кыйшаюсуз аткарып, курал инспекторлорунун ишине бут тоспостон, чын дилден кызматташып жатабыз" деп кан какшады. Ирактын кыргын куралы бар экендигин көзгө сайып далилдеген факты табылбаган соң, эл аралык коомчулукта да Иракка сокку урууга негиз жетишсиз деген үндөр улам катуурак угулууда. Бул согуштун башкы сүрөөнчүсү болгон Америка Кошмо Штаттары Перси булуңундагы биринчи согуштагыдай кеңири коалиция топтой алган жок. Бирок Иракка кол салуу планынан баш тартпастан туруп, араб союздаштарын Багдадда бийликтин тынч жол менен алмашуусуна көмөк көрсөтүүгө чакырууда.

Эски шеригинин айтканына ынаган Саударавия жакында Ирак жетекчилеринин айрымдарына кечирим берүү демилгесин көтөрдү. Америкалык "Тайм" журналында жарык көргөн маегинде Саударавиянын Тышкы иштер министри, ханзаада Сауд ал-Файзал: "мындай мунапыс Бириккен Улуттардын курал инспекторлору менен кызматташууга даяр экендигин көрсөтүп, Ирактын жашыруун куралдары тууралуу маалымат берген өкмөт жана аскер өкүлдөрүнө ыйгарылат",- деди. Өз өкмөтүнө каршы мындай чыккынчы кадамга канча киши батынаарын, же мындан сөзсүз эле Саддам Хуссейн бийлигин таштап качаарын айтуу кыйын, бирок бул демилге чоң казатты алдын-алуунун соңку далалаты катары бааланууда.

Араб булактарына ылайык, Саударавия Ирактын бир катар коңшуларына кайрылып, бул демилгеге колдоо көрсөтүүнү суранды. Соңку кезде араб өлкөлөрү арасында Ирак кризиси боюнча пикир алмашуу кескин көбөйдү. Аммандагы падышачыл кеңседен билдиришкендей, өткөн ишембиде Иордандын падышасы Абдулла жана Египеттин президенти Хосни Мубарак сүйлөшүү жүргүзүштү. Мындан бир нече күн мурда Абдулла ал-Риядда болуп кайткан эле. Перси булуңундагы өлкөлөрдү кыдырган Мубарак өз кезегинде жекшемби күнү Сириянын президенти Башар ал-Ассад жана ханзаада Сауд менен көздөштү.

Ошол эле убакта араб өлкөлөрүнүн Ирак боюнча самит өткөрүүгө ашыкканы байкалбайт, аймактагы булактарга ылайык, алар мындай жыйында анти-америкалык маанай үстөмдүк кылып кетет деп чочулашууда.

Анын аралыгында, Түштүк Африканын мурдагы президенти Нельсон Манделанын Саддам Хусейнди бийликтен кетүүгө көндүрүүгө кол кабыш кылышы мүмкүн экендиги маалым болду. "Сандей Таймс" гезитинин жазышынча, кезегинде Нобелдин "Тынчтык" сыйлыгын алган Манделага мындай өтүнүч менен "бир катар белгилүү инсандар" кайрылышкан.

Манделанын маалымат кызматы Бириккен Улуттар уюуму өзү кайрылса, ал арачы түшүүгө макул экендигин кабарлады. Өткөн аптада Мандела Иракка каршы согуштун кыбачыларын сынга алып, "АКШнын президенти Жорж Буш акылын токтотуп ойлоно албай калды, бул согуш компаниясы дүйнөнү тоз-тополоңго салат" деген эле.

Нейтралдуу мамлекеттер кыймылынын жана Африкалык Биримдиктин төрагасы болгон Түштүк Африка Ирак согушуна ачык каршы чыккан тараптардын бири. Жумурияттын тышкы иштер министринин орун басары Азиз Пахат өткөн жума күнү Багдадга жол тартты, ал Ирак жетекчилерин БУУнун курал инспекторлору менен толук кызматташууга үндөмөкчү.

Ирак кризисин жандырууга далалаттанган жоон топко Түштүк Африканын кошулушу иштин оң жагына оошуна огожо болушу мүмкүн. 90-жылдардын башында ал кезде апартеид системасы кулай электе, Түштүк Африканын жети ядролук бомбасы болгон. Бирок өлкө аларды жок кылып, Эл аралык ядролук энергетика агенттиги – МАГАТЭни көзөмөл жүргүзүүгө чакырган. Түштүк Африканы атомдук бомбадан арылтуу ишине катышкан швециялык дипломат Ханс Бликс азыр Бириккен Улуттар уюумунда Иракты куралсыздандыруу комиссиясын жетектейт. Өткөн айда Бликс "Ирак ыкка көнүп, Түштүк Африкадан үлгү алса болмок" деген тилегин билдирген эле.
XS
SM
MD
LG