Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

ИШЕНБАЙ АБДУРАЗАКОВ: «ЖАКШЫ ЧАКЫРЫКТАР АЙТЫЛАТ, БИРОК ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖОК»


Конституциялык референдумдан кийин Кыргызстан 10 жылга созулган өткөөл мезгилден кутулганы, мындан ары республика туруктуу өнүгүү тилкесине киргени байма-бай айтыла баштады. Проблеманын саясий-экономикалык өңүттөрү жайында «Келечек долбоору» коомдук фондунун президенти Ишенбай Абдуразаков ой бөлүшөт.

- Ишенбай агай, 2-февралдагы референдумдан бери кыргыз коомчулугунда “10 жылга созулган өткөөл мезгилден өтүп кеттик, мындан ары жалаң гана өнүгүү тилкесине кирдик”, деген пикирлер көп айтыла баштады. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай? Чын эле өткөөл мезгилден өттүкпү, туруктуу өнүгүү тилкесине кирдикпи?

- Оболу «өткөөл мезгил» дегенди кандай түшүнөбүз? Анын экономикалык, саясий жагын бөлүп алуу зарыл. «Конституциялык жол менен барабыз» деп атабыз, муну да тактап алганыбыз оң. Анын үстүнө алган багытыбыздын келечеги кандай, гарантиясы барбы, ишенүүгө болобу, деген суроо да туулбай койбойт. Экинчи жагынан алганда, экономикалык жолду тандап, базар-нарк мамилелерине өтсөк, анын мыйзамдарын эстен чыгарбашыбыз керек.

Мындан тышкары командалык-административдик башкаруунун күүсү турат, андан тез аранын ичинде кутулуп чыгыш да кыйын. Ушул жерге келгенде «бирок» деген суроо чыгат, мунун «бирогу» көп. Чындап базар-нарк мамилелерине өтсөк анын мыйзамдары менен жашообуз керек, алыш-беришти ошого жараша жүргүзүшүбүз зарыл – бул да азырынча бүдөмүк. Мамлекет өз жарандарына базар-нарк шартына ылайык мыйзамдар чыгарып, иштешине шарт түзүп бериши милдет. Бул жагынан алганда, өткөөл мезгилден өтүп кеттик деп айтыш кыйын.

Экономиканын өнүгүшүнүн өз алдынча негизи бар. Элдин баарына белгилүү үч тармак бар: тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба продуктусун өндүрүү, аны кайра иштетүү, аларды сатуу. Булардын арасынан айыл чарбасын алалы. Тармак кадыресе бутуна туруп калды деп айтсак жарашат. Бирок да фермерлер азырынча өзүнчө таасирдүү күчкө, катмарга айлана элек. Айыл чарба маданиятын жоготуп койгонбуз. Жерди кайра иштетүү, агротехникалык эрежелер, механизация жана башка иштерден биз кыйла артта калдык. Ишенер эч кимиси жок экен, мына дыйкандар тырышып иштеп продукция өндүрүп атат, бирок сата албайт.

Орто Азия республикаларында да кыйынчылыктар толтура, өз алдынчалыкка жетиштик деп туура эмес теорияга жамынып, эркин базарларды жаап коюшпадыбы. Эл аралык, мамлекеттер аралык эмгектин эл аралык бөлүштүрүлүшү ишке киришсе, базарлар ачылса атаандаштык күчөп ким эмнеге жөндөмдүү, ким эмнени жакшы жасай тургандыгы ачыкка чыкмак. Азырынча Орусия гана ачык, калгандары эшигин бекем жаап алышкан. Бирок ал жерге өндүргөн товарды жеткириш машакаты көп, жолдо карактап кетип атышат. Азырынча өткөөл мезгилге мүнөздүү чечиле элек маселелер арбын.


- Ишенбай агай, өткөөл мезгилге мүнөздүү маселелердин кыйласы чечиле элек деп атасыз. Мен ушуга кошуп Кыргызстан экономикасында атамекен өндүрүшү анчалык жандана элек, өнөр жайы бутуна каз-каз туралек деп айтар элем. Айыл чарбасы өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөп кете албайт. Буга кошумча, республикада өткөөл мезгил тушунда ортоңку катмар түзүлбөдү. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Туура, ортоңку катмар азырынча түзүлө элек. Эгер ал чыкса демократиянын орношуна да дурус шарт түзүлмөк. Өзүнө гана ишенген, бирөөгө күнкор эмес, мээнетинин аркасында өзүнө жакшы шарт түзүп алган адамдардын аркасы менен демократиянын бекем орун-очок алышына шарт түзүлөт. Бюджеттин көзүн караган эл кайда айдасаң ошол жакка кете бериши мүмкүн. Ортоңку катмар - экономиканын омурткасы, экинчи жагынан ал демократиянын таянган тоосу болуп бере алат.

Бизде так статистикалык маалымат жок. Кедейлерден башкасынын баарын ортоңку катмар катары атап койгон да туура эмес. Антип салганда кедей дегендин статистикалык чен-өлчөмүн аныктоо кыйын. Ортоңку катмар жеке өндүрүшүнүн аркасы менен киреше таап, улам байып, бала-чакасын багып, оокат-ашын жакшылап оңдоп, улам алдыга умтулган адамдардан куралат. Биздей азыр андай катмар жок. Анан, «айыл чарбасы экономиканы алдыга тартып кете албайт» деген деле туура. Бирок, колдо барды жасаш керек. Биринчи кадам катары айыл чарбасында өндүргөн товарларды кайра иштетүүнү баштаса туура эле болмок.

Биз жалпы билим деңгээлибиз жагынан Казакстан менен Өзбекстандан ашып кеткен жерибиз жок. Андай болгондон кийин алдыңкы технологияны колдонуу, өндүрүш маданияты көтөрүү үчүн шарт түзүү зарыл. Тикелей инвестицияларды алып келүүнүн да кыйынчылыктары толтура. Анын эң негизги тоскоолу коррупция болууда. Коррупцияны түп-тамырынан жулмайын инвестиция тууралуу кеп кылбай эле койгон оң. Азыр бизге келип аткан акчалардын көбү мамлекетке берилип аткан карыз. Тикелей инвестиция дээрлик жокко эсе. Бул жерде «Кумтөрдүн» жөнү башка. Көп эле чакырыктар айтылганы менен алардын азырынча кайрымжысы жок болуп жатат.


- Ушу жерде дагы бир суроонун ыңгайы келип турат. «10 жылдык өткөөл мезгилден өтүп кеттик, эми президенттик-парламенттик республика болобуз» деген пикирлерди чечмелей кетсеңиз. Экономикалык орчун проблеманы саясий маселеге байланыштыруунун кандай кажаты бар?

- «Президенттик–парламенттик республика» деп атканыбыз менен жаңы Конституцияда бийлик бутактары тең бөлүштүрүлгөн эмес. Мен башынан эле айтып келатам, дагы айтам, чыныгы демократиялык өлкөдө бийлик монополиясы деген болбош керек. Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмак болгондо гана иштөөгө шарт түзүлөт, ишкерге өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Бизде майдадан – ортого, ортодон – ириге өтүү ишке ашып, андайга шарт түзүлгөндө гана оңоло алабыз. Жакшы эле чакырыктар айтылат, аларды укканда «ушулар ишке ашса» деп кубанып да каласың. Бирок, алардын бири да ишке ашкан жок.
XS
SM
MD
LG