Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

«ХИЗБ УТ-ТАХРИР» ЧЫН ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНГА КОРКУНУЧТУУБУ?


Соңку убактарда Кыргызстандын күч органдары «Хизб ут-Тахрир» диний партиясынын активдешкенин айтып, тынчсызданганын билдиришүүдө. Ошол эле маалда бир катар чет өлкөлүк жана жергиликтүү укук коргоочулар бул партиянын мүчөлөрүн Кыргызстан бийлиги аеосуз куугунтукка алууда деген сын-пикирлерин айтып келишет.

Өткөн аптада Ош облусунун аймагынан «Курандан башка Конституция болууга мүмкүн эмес!» деген жазуусу бар баракчалар табылды. Жергиликтүү күч органдарынын билдиргенине караганда, өлкөнүн Башмыйзамына каршы мазмундагы бул баракчаларды тыйуу салынган «Хизб ут-Тахрир» партиясы тараткан. 2-февралда өткөн Кыргызстандагы референдумга карата мамилесин «хизбутчулар» ушундай жол менен билдиришти. Муну менен алар алдыга койгон чыныгы максаттарын – Кыргызстан аймагында диний жоболорго негизделген мамлекетти – Халифатты куруу экендигин дагы бир ирет ачыкка чыгарышты.

Конституциянын 8-беренесинин 4-пунктунда «диний негизде саясий партияларды түзүүгө жол берилбейт. Диний уюмдар саясий максаттарды жана милдеттерди көздөбөшү керек» деп жазылган. Кыргызстандын күч органдары мына ушул беренеге таянып «Хизб ут-Тахрир» партиясына каршы баштаган күрөшүнүн күчөшүнө бир эсе Баткен окуялары шыкак бергенсиди. Диний күчтөрдүн таасиринин күчөшүнө Кыргызстандагы мечиттердин көбөйүшү да таасир тийгизди. Өкмөт алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын маалыматына караганда, учурда 1295 мечит бар же акыркы 10 жылда алардын саны 33 эсеге өскөн.

Кыргызстандын күч органдарынын маалыматына караганда, өздөрүн «Өзбекстандын ислам кыймылы» атаган куралдуу топ менен, «Талибан» кыймылы менен «Хизб ут-Тахрир» партиясынын ортосунда тыгыз байланыш бар. Аны далилдегенсип, «Манас» аэропортуна антитеррордук күчтөр жайгашып жатканда АКШынын талибдерге каршы баштаган аскерий бул акциясын «Хизб ут-Тахрир» партиясы тымызын тараткан баракчалары аркылуу сынга алып чыккан эле.
«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» же исламды боштондукка чыгаруу партиясы 1953-жылы Палестинада Такиуддин ан-Набхани аттуу адам тарабынан түзүлгөн. 1977-жылы Такиуддин ан-Набхани каза болот да, партиянын башына Абдул - Кадим Заллум келет. Ал «Хизб ут-Тахрирди» ушул күнгө чейин жетектеп келатат. Партиянын башкы максаты мусулмандардын бирдиктүү мамлекетин - Халифатты куруу болуп эсептелет. «Халифат гана Алланын ак жолундагы мамлекет болалат», дейт өз китебинде Абдул - Кадим Заллум. Хизб ут-Тахрирдин жетекчиси жазган «Демократия - алдамчылыктын системасы» деген китепте демократия батыш каапырлары ислам өлкөлөрүнө алып келген система катары саналып, анын ислам динине чоочун экендиги айтылат.

Ошондон улам 2-февралдагы референдумга коюлган Конституцияга «хизбутчулар» каршы дегенден башка пикир айтышмак да эмес. Талдоочулардын айтымында, демократиянын эмне экенин өз көздөрү менен көрүп, бул коомдо коррупция, адилетсиздик көп экендигине ынангандар баарына бакубат жашоо убада кылган Халифат тууралуу кептерге ишенип, бул партияга кирүүгө аргасыз болушууда.

«Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидери Жыпар Жекшеев Кыргыз бийлиги дайыма эл көңүлүн алагды кылуу максатында душман издеп келген, «Хизб ут-Тахрир» партиясы алардын бири болуп калды деген пикирин айтат.

”Азыркы бийликтин биринчи душманы албетте, оппозиция. Оппозиция канчалык конструктивдүү иштебесин, бийлик үчүн ал биринчи мокочо бойдон калууда. Экинчи мокочо – «Хизб ут-Тахрир». Эгер оппозиция тынчый түшсө, бийлик «мына, кокуй, «Хизб ут-Тахрир» бийликке, мамлекет коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат» деп, аны эл көңүлүн чыныгы кризистен алагды кылган каракчы катары пайдаланышууда. Кыргыздар түшүмүн коргоо үчүн огородго кишинин сөлөкөтүн коюп, аны каракчы деп койушчу,” - дейт Жекшеев.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орунбасары, милициянын полковниги Равшан Абдыкеримовдун сөзүнө караганда «Хизб ут-Тахрир» партиясы баштаган күчтөр Кыргызстандын коопсуздугуна чындыгында эле коркунуч туудурууда.

«Хизб ут-Тахрир» кыймылы жылдан жылга күчөп келатат. Алсак, өткөн 2002-жылы 17 фактынын бети ачылып, алардын баарынын иши сотко өткөрүлүп берилген. Айтып кое турган нерсе, «Хизб ут-Тахрир» менен бир эле Ички иштер министрлигинин кызматкерлери эмес, жалпы коомчулук да күрөшүп, өзгөчө, жаштар арасында, мектептерде түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү колго алып жатабыз, - дейт Абдыкеримов.

Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы жана Бишкектеги мечит «Хизб ут-Тахрир» партиясын колдобой тургандыгын айтып келүүдө. Мечиттин азанчысы, куран түшүрүүчү Абдували Алибаев «хизб утчулардын» тандаган жолун туура эмес жол деп эсептейт.

«Кыргызстанда дин эркиндиги берилгенине биз ыраазыбыз. Бирок ошол эле маалда ар кандай диндер көбөйүп кетти,- дейт ал. Ислам дини да ар кандай тармактарга бөлүнүп, ыдырап баратат. Биздин мечит «Хизб ут-Тахрир» партиясын колдобойт, себеби алар туура эмес жол менен үгүт жүргүзүп, ислам дини тууралуу жаман пикирлерди жаратып жатышат. Алардын Халифат курабыз дегени туура эмес, себеби, Мухаммед пайгамбарыбыз «менин көзүм өткөндөн 30-40 жылдан кийин Халифат бузулат, андан кийин Халифат эч убакта кайра курулбайт» деген».

Өзүн Абдулбасир деп тааныштырган маектешибиз «Хизб ут-Тахрир» партиясына көз-карашынын түздүгүн айтты: «Менин көз-карашым аларга түз. Алардын идеологиясы негизинен туура, себеби, мусулман мамлекети жана мусулман баласы шарияттын мыйзамы менен жашашы керек. Куранда да мусулман баласы ыйман менен гана жашоо керек деп айтылган».

Кыргызстандагы «хизб утчулардын» абалына эларалык уюмдар, АКШ тынчсыздануусун билдирүүдө. 14-январда АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети Борборазиядагы адам укуктарынын абалына арналган резолюцияны талкуулап, Кыргызстан бийлигин диний көз караштарынын айынан камалгандарды түрмөдөн чыгарууга жана каттоодон өтпөгөн диний уюмдарды, партияларды куугунтукка албоого чакырды.

Айрым маалыматтарга караганда, өткөн жылдын 6 айында эле Кыргызстанда бул партияга тиешеси бар деген айып менен 83 адам кармалып, дагы 3000ге жакыны күч органдарынын «кара тизмесине» киргизилген.
XS
SM
MD
LG