Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

БАТЫШ БАСЫЛМАЛАРЫ БАШЫН ООРУТКАН МАСЕЛЕЛЕР КАЙСЫ?


Ирак кризиси жана ага байланыштуу НАТО уюмунда түзүлгөн кырдаал, Франция менен Германиянын Иракта инспекцияны кеңейтүү жөнүндөгү сунушу- Батыш басылмалары акыркы күндөрү талкуулап жаткан негизги темалар.

"Wall Street Journal Europe" басылмасы шейшембидеги баш макаласында Түркияга аскерий жардам көргөзүү сунушуна НАТОнун үч мүчөсү: Франция, Бельгия, Германиянын каршы болушун комментарийлеп, Иракка каршы ыктымал согуштун алдында аскерий уюмдун "колу-буту" тушалгандай абалга кептелишин жаңылыш кадам деп баалаган. Гезиттин пикиринде, НАТОнун борбордук миссиясы өзүнүн уставында айтылгандай, мүчө өлкөлөрдүн бирөө коркунучка кабылса- аны чогуу коргой турганын кепилдегени. Бирок , Франция , Германия жана Бельгиянын аракетинен кийин НАТО карманган принциптердин ушул уюткусуна доо кетти. Эми Түркиянын коргонуу муктаждыктары НАТОнун чечими менен, же андай болбосо чыныгы достору тарабынан камсыздалышы керек.

Германиянын "Frankfurter Allgemeine Zeitung" басылмасы ушул эле маселеге кайрылган макаласында үч өлкөнүн Түркияга кошумча аскерий учактарды, абадан коргонуу жабдууларын , биологиялык-химиялык куралдарга адистешкен аскер бөлүктөрүн жиберүүгө тоскоолдук кылганы НАТОнун ишинде бузулууну жаратканын белгилейт. Немец басылмасы жазгандай, келечеги көбүнесе ишенимге жана тилектештикке байланыштуу болгон НАТО эми чоң талашка туш болду жана анын башында Германия турат. "Frankfurter Allgemeine Zeitung"дун пикиринде, АКШ менен Германиянын көз карашы мурдатан эле кайчы чыкчу. Эми Германия НАТОнун планына каршы туруу менен АКШ уюмдун толук кандуулугун жана чыгымдарын кайра карап жаткан учурда Вашингтон менен конфликтке барууда.

Британдык "Financial Times" гезити Түндүк Атлантикалык блок өз тарыхындагы эң ири кризистердин бирин баштан кечирүүдө деп эсептейт. Ал эми британдык басылмалардын экинчиси "Guardian" НАТОдогу кризиске таң калбоо керектигин айтат. "Guardian"дын ишениминде , Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери альянстын иштиктүүлүгү жөнүндөгү маселе күн тартибине бир нече ирээт чыккан. Шейшемби күнү баш макаласында "Guardian" АКШ президенти Жорж Буш , британ премьери Тони Блэр Европаны , араб дүйнөсүн, америкалыктардын өзүн Ирактан келчи коркунучтарды алдын алуу үчүн күч колдонуу зарылдыгына ынандыуу ишинде ийгиликке жете албаганы айдан -ачык экенин белгилейт. Кайра катуу оппозицияга туш болгон британ премьери Тони Блэр эл анын айткан–дегендерин түшүнбөй жатат деген кыязда турууда. "Guardian"дын пикиринде, АКШнын Германия менен Франциянын инспекцияны кеңейтүү жөнүндөгү сунушун сынга алышы катачылык. "Эгер АКШ инспекторлор иштеш керек деген ишенимде болбосо, эмне үчүн муну былтыр күздө колдоду", -деп суроо коет басылма.

"New York Times" гезити Иракка каршы ыктымал согушка байланышкан талкуулар Американын лидерлиги жөнүндөгү маселеден алда канча алыс кетти деп эсептейт. "New York Times"тын ою боюнча козголоңчул топтун башында Франция турууда. Бирок катачылыктар "биз менен биргесиңер , же бизге каршысыңар " деген президент Буштун администрациясында да бар .
Ал эми "Washington Post" ге зити ыктымал согуштан кийинки Ирактын келечеги анын мунай ресурстары кандай иштетилээрине жараша болот деп болжолдойт. "Washington Post" белгилегендей, Латын Американын, Африканын, Каспийдин, Түштүк Чыгыш Азия менен Жакынкы Чыгыштын экономикасы мунайга байланган өлкөлөрүнүн дээрлик баарында диктатордук башкаруу жана коррупция өкүм сүрүүдө. Ирак алардын кейпин кийишине жол бербөө керек. Ирактын мунайын Ирактын парламенти жана эли көзөмөлдөгүдөй шарт түзүү абзел. Батыш басылмалары шейшемби күнкү сандарында Ирактын коңшусу Иранга тийиштүү маселерге да кайрылышты. Ирандын президенти Мохамед Хатами дүйшөмбүдө өлкөнүн уран өндүрүү аракети өзөктүк бомба жасоо аракети катары кабыл алынбашы керектигин белгилеген эле. Жогорудагыдай билдирүүнү Хатами өлкөдө уран кени ачылганына байланыштуу жасаган. Германиялык "Sueddeutsche Zeitung" гезитинин пикиринде, Иран президенти мындай билдирүү менен эмне үчүн азыр чыкканы түшүнүксүз. Иран учурда Орусиянын жардамы менен атомдук реакторду куруунун үстүндө иштөөдө. АКШ болсо, Тегеранды өзөктүк курал жасоого аракеттенүүдө деп айыптап жүрөт.

"Washington Post"гезити ушул аптада Ирандын коңшусу Түркмөнстандагы жагдайды Сталиндин дооруна салыштырган макала жарыялады. Андагы макаланын автору Түркмөнстанда президент Сапармурат Ниязов тоталитардык режим орнотконуна, адамдардын мыйзамсыз камалуусу, дайынсыз жоголуулары көнүмүшкө айланганына токтолгон. Орусиянын Түкмөнстандагы дикатордук режимге каяша кылбаганын эки ортодогу газ соодасына байланыштырган автор ошондой эле, 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин көпчүлүк өлкөлөрдүн адам укуктары жаатындагы кызыкчылыктары басаңдаганын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG