Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

“КОЛУМБИЯ” ЧӨЛМӨГҮН МУРДАГЫ КЕМЕЛЕРДИН КАЛДЫКТАРЫ КЫЙРАТЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык космос чөлмөгүнүн мындан он күн мурда эмнеден кыйраганы аныктала элек. Окумуштуулардын айтымында, анын коноор алдында жарылып кеткенине - мурдагы космос кемелеринен калган сынык-калдыктар да себеп болушу мүмкүн.

"НАСА" деп аталган АКШнын Аэронавтика жана космос изилдөө башкармалыгынын маалыматына караганда, 10-февралда чөлмөктүн сол канатынын калдыгы жана бир компьютери табылды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, жаңы табылга кеменин кыйрашына эмне себеп болгонун табууга орчундуу салым кошот. Техас жана Луизиана штаттарынын аймагында азыр бардыгы болуп чөлмөктүн 12 миңге жакын сынык калдыктары табылды, аларды эки миңге жакын адам чогултууда жана бир кичинекей сыныкты катып алайын деген полициячы камакка алынды.

АКШда азыр бир нече чөлмөк-кеме бар, космоско учурулгандан кийин, алар кайтып келип, учак сыяктуу жерге конот. 1-февралда жерге коноор алдында жарылып кеткен "Колумбия" аттуу чөлмөк андай кемелердин эң эскиси болчу, ал 1980-жылдарда курулган. НАСА жетекчилеринин айтымында, кемеге сырттан бир нерсе урунгандыктан, ал кырсыкка учураган, бирок кээ бир адистердин пикиринде, космос чөлмөктөрүнүн коопсуздугу жалпысынан алганда эле начар болчу.

Мисал үчүн, НАСАнын өзүнүн ичинде түзүлгөн атайын комиссия өткөн жылдын март айында доклад жасап, космос кемелеринин коопсуздугун жогорулатуу үчүн, кошумча каражат керек деп чыккан. Бирок андай доклад даярдаган комиссияга кирген тогуз адамдын бешөө дароо кызматтарынан алынган жана андай чечимге каршылык көрсөтүп, адмирал Бернад Кодерер өзү НАСАдагы кызматынан чегинип кеткен. Комиссиянын төрагасы Ричард Бломберг болсо, апрел айында Конгрессте чыгып сүйлөп, космос чөлмөктөрү качан болбосун кырсыкка учурашы мүмкүн деп айткан.

Анткен менен азыр адистер кырсыктын негизги себебин - кеменин бир нерсеге урунганынан көрүүдө. 16-январда чөлмөк космоско учурулгандан бир жарым мүнөт өткөндө, анын капталындагы жалпак керамиканын бири чыгып кетип, сол канатка тийгени видеокамераларга жазылып калган. НАСА жетекчилиги ага көп маани бербеген жана кеме космосто 16 күн жүргөндө, анын канатын оңдоого эч аракет жасалган эмес. Кырсык алдында болсо, кеменин дал ошол сол канаты эбегейсиз ысып кеткендиктен жарылуу болгон. Учуунун экинчи күнү, 17-январда дагы радарларга - чөлмөктөн бир майда нерсе бөлүнүп кеткени жазылып калган.

Бирок акыркы күндөрдө америкалык адистер - кеме коноор алдында же майда метеорит, же мурда учурулган космос кемелеринин сынык калдыктарына урунуп жарылышы да мүмкүн деп айтууда. 1957-жылы космоско биринчи спутник учурулгандан бери, жер айланасында ракета менен кемелердин сегиз миңге жакын сыныгы учуп жүрөт. Алардын көпчүлүгү жерден 700-800 чакырым алыстыктагы орбитада айланат, бирок кээ бирлери ылдый да түшүшү мүмкүн. Ал калдыктарды көзөмөлдөгөн атайын кызматтар, бирок, чоңдугу 10 сантиметрден кем эмес сыныктарды гана каттоого алат. "Колумбия" чөлмөгү жерден 280 чакырым алыстыкта айланган, ошондуктан, ал калдыктардын негизги катмарына жеткен эмес, бирок, аскерий адистердин айтымында, ылдый жакта 100 миңден ашык майда калдыктар да айланып жүрүшү мүмкүн. Жогорку ылдамдыкта учуп бараткан кеме менен урунганда, алар бир топ зыян тийгизе алат, мисал үчүн, чоңдугу адамдын тырмагындай алюминий сынык космосто учуп бараткан кемеге - саатына 100 чакырым жүргөн 200 килограмм салмагы бар темирдей тийет. Мурдагы учуулар учурунда андай калдыктарга урунбаш үчүн, космос чөлмөктөрү кеминде сегиз жолу орбитасын өзгөртүүгө аргасыз болгону катталган.

1-февралда курман болгон жети америкалык астронавт менен, 1961-жылдан бери космосто курман болгондордун саны 21-ге жетти.
XS
SM
MD
LG