Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

11-февралда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленди


Бул күнү Бишкектеги эски аянтта Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун имамдыгында айт намаз окулду. Намаз окулганга чейин эски аянтка чогулган мусулмандарды АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф, Түркиянын, Пакистандын элчилери жана муфтий Мураталы ажы Жуманов Курман айт майрамы менен куттукташты. Муфтий Муратаалы ажы өз сөзүндө мусулмандарды боорукерликке, ыймандуулукка чакыруу менен элге тынчтык жана барчылык каалап кетти. Шейшембидеги намазга болжол менен 30миңдей адам катышты. Кыргызстан мусулмандарын курман айт майрамы менен президент Аскар Акаев да буга чейин куттуктаган.

XS
SM
MD
LG