Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

Референдумга көзөмөл кылган республикалык штаб ишин дагы улантат


2-февралдагы референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча Кыргызстандагы 12 саясий партия жана коомдук уюм түзгөн республикалык штаб ишин мындан ары да улантат. Мындай маалымат 11-февралда штаб төрагасынын орун басары Эмил Алиевден алынды. Анын маалыматына караганда, штаб жетекчилиги кийинки жумада 2-февралдагы референдумда добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн жүздөн ашуун байкоочусун чогултуп, «Тегерек үстөл» жыйынынын өткөрөт. Байкоочулар анда добуш берүү учурунда өздөрү байкаган мыйзам бузуулар тууралуу маалымат беришет. Анын жыйынтыгында штабдын мындан ары жүргүзө турган иш багыттары аныкталып, жакында жана келечекте жасала турган милдеттер жана үчүнчү элдик курултайдын экинчи баскычында карала турган маселелер такталат. Оппозициячыл күчтөрдүн үчүнчү элдик курултайынын экинчи баскычы ушул жылдын 17-мартында Аксы окуясынын бир жылдыгына карата өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG