Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

ШЕЙХ МАНСУР АЛ-ХАЛЛАЖДЫН КЫРГЫЗ ТЕГИНЕ КАНЧАЛЫК КАТЫШЫ БАР?


Кыргыз санжырасында Аналхакк менен шейх Мансурдун айрымасы кандай? Кыргыз санжырасында Аналхакк менен шейх Мансурдун айырма- ажырымы чыгарылбай, түпкү бабаларга байланышкан чаташкан ойлор айтылып жүрөт. Атүгүл кыргыздын кырк кыздан тарашына териккен, санжырачылар арасынан билимдүү адам саналган Осмонаалы Сыдык уулу дагы бул маселени жетик түшүнө алган эмес. Санжырачы «биздин кыргызча тарых жазуучу адамы жок болгон үчүн кыргыз кырк кыздан», деп шайык Мансурдун бир нече акылга макул болбогон хикатткар келтирген», деп жазат. Бирок ал «Муктасар тарых Кыргызия» китебинин бөлөк жеринде кыргыздын бир небереси Аналхакк деп жазат.

Кыргыз санжыраларын кунт коё талдап көрсөк, ошол эле шайык Мансур – Аналхакк, Аналак, Маналак, Шамансур, Самансур, Шейх Мансур, ал түгүл Байгаазы баатыр жаздырган «Шажарайи насаб наме-йи илатийа» кол жазмада Шейх Мансур Халлаж деп көрсөтүлөт.

Бул адамдын кыргыз тегине башат болгудай ким экендигин талдап көрсөк. Шейхтин толук ысмы Абу-л-Мугис ал Хусайн Мансур ал-Халлаж деп жазылат. Ал болжол менен б.з. 58-жылы Ирандын түштүгүндөгү ал-Байда кыштагында жарык дүйнөгө келген. Уламышка ылайык анын чоң атасы зороастризмге ишенип, атасы болсо ислам динин кабыл алган Ал-Халлаж 17 жашка толгондо Тустар шаарына көчүп келип, мындагы айтылуу суфий Сахла ат-Тустардан таалим-тарбия ала баштайт. Кийин ал Амра ал-Макки, ал-Акта, ал-Жунай сыяктуу атактуу суфийлер менен баарлашып, билимин өркүндөткөн.

880-жылдары ал-Халлаж эки ирет Меккеге ажылыкка барып, өзүн ачка кармап, күнү-түнү зикир чалып оор сыноону башынан кечирген. Ажылыктан келгенден кийин эл арасында мистикалык окуусун жайылтып, «хакк» же чындык, акыйкаттык ишенимге калкты тарта баштаган. Көптөгөн суфийлер ал-Халлаж менен мамилесин үзүп, анын окуусун жээригени менен шаардык кембагалдар шейхти колдоого алышкан. Ал-халлаж суфийлик кыймыл ичиндеги элитардык мамилеге каршы чыгып, ал үчүн суфийлер кийген чапанды чечип, жупуну жоокердин кийимин кийген. Замандаштарынын айтымына караганда, ал-Халлаждын окуусу кедей-кембагалдар арасында кеңири тарап, зор колдоого алынган. Анын экинчи ирет Меккеге ажылык сапарында 400 устаты коштоп жүргөн. Меккелик суфийлер аны «алланын сырын» ачып, кыйдылык максатта сыйкырчылык жасап, ислам динине каршы келген көз боёмочулук кылды деп күнөөлөшкөн.

897-жылы ал-Халлаж устаттары менен кайрадан сапар тартып, бул жолу ал Индия менен Түркстанды карай багыт алган. Анын максаты кайирдин түрк калктарын мусулман динине тартуу болгон. Академик В.В.Бартольддун айтымында, мусулман дүйнөсүнүн саясий жана маданий дөөлөтү ага жанаша жашаган коңшуларга зор таасир тийгизген. Дервиш ордендеринин шейхтеринин окуусу маданий аймактарга караганда, көчмөн талаада ийгилик менен тараган, деп белгилеген академик Бартольд.

Шейх Мансур ал-Халлаждын санжырага кошулуп калганына караганда ал Чыгыш Түркстанда Енисейден оогон кыргыздарга жолуккан окшойт.

840-жылы кыргыздар уйгур каганатын талкалагандан кийин, кыргыздардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстанга жер которгон.

Х кылымдагы аты белгисиз автор жазган «Худуд ал Алам» кол жазмасында кыргыздардын Үчтурпанды ээлегендиги туурасында кабарланат.

Селжук султандарынын дарыгери Тахир ал-Марвазинин жазганына ылайык кыргыздардын түштүк-батыш чеги Куча менен Карашаарга жеткен. Ал-Марвазинин айтымында, кыргыздар мурда өлгөндөрдү индустарга окшоп өрттөшкөн. Качан алар мусулмандардын коңшулары болгондон кийин өлгөндөрдү көмө башташкан.

Ал-Халлаж кыязы, 1Х кылымдын соңунда Кучага келгенде мындагы кыргыздар менен жолугушу толук ыктымал. Анткени, мусулман авторлорунун жазганына караганда, ал ушул жылдары өзүн ана-л-Хакк же «мен Кудаймын» деп атай баштаган. Шейх Мансур ал-Халлаждын окуусу коомчулукту дүрбөтүп, ишенимге бүлүк салган. Замандаштарынын айтымында, ал «өлгөндү тирилтем, ооруну айыктырам, бир канча айлап ачка жүрөм, дубалдан өтөм, жок жерден тамак табам» деп элди ишендирген. Расмий бийлик ал-Халлаждын окуусуна каршы чыгып, 911-жылы ал камакка алынып, 922-жылы өлүм жазасына тартылган.

Мусулман авторлору кабарлаган Шейх Мансур ал-Халлаждын өлүмү менен кыргыз санжырасында эскертилген Анал жана Миналдын өлүмдөрүнүн окшоштугу бар.

Абу Рейхан ал-Бирунинин кабарлоосуна караганда, ал-Халлажга миң ирет камчы чабылып, колу, буттары жана башы кесилгенден кийин сөөгү өрттөлүп, күлү Тигр дарыясына чачылган.

Кыргыз санжыраларында Анал менен Минал деген бир туугандар өлүм жазасына тартылып, сөөктөрү өрттөлүп, күлү сууга салынган. Суудагы көбүк «Аналхак», «Миналхак» деп үн чыгарып 40 кызды кызыктырып, андан кыргыз тараган деп айтылат.

Жогоруда эскертилген тарых фактыларына караганда Чыгыш Түркстанга жер которгон кыргыздар мында Мансур ал-Халлаж менен жолугушуп, ислам динин кабыл алышса керек. Шейхтин трагедиялуу өлүмү эл эсине уюп, Мансур ал-Халлаждын ысмы жана анын Ана-л-Хакк деп айткан сөзү кыргыз генеалогиясында түпкү башат катары орун алган болуу керек.
XS
SM
MD
LG