Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

АМЕРИКА СОЛДАТТАРЫНА ТАБЫТ ДАЯРДАП КОЙДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Дүйнө маалымат каражаттарында Ирак кризисин жөнгө салуу максаты менен Германия менен Франция иштеп чыккан жашыруун план талкууга алынууда. Пландын майда-чүйдөсү азырынча бүдөмүк бойдон кала берүүдө. Бирок байкоочулар болжолдуу план кризистин чечилишин жакындатпастан АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы жиктелүүнү тереңдете турганын бомолдоп жатышат.

Германиянын Der Spiegel журналынын маалымдашынча Берлин менен Париж иштеп чыккан жашыруун планда Иракта иштеп жаткан каруу- жарак инпекторлорунунун санын үч эсеге көбөйтүү жана өлкөгө Улуттар Уюмунун миңдеген жоокерлерин жиберүү сунуш кылынат. Журналдын бул маалыматын Германиянын коргоо министри Петер Штрук ырастады. Министр мындай деди:

- Өткөн шейшембиде Франциянын коргоо министри Доминик Виллепин Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы курал инспектолорунун санын көбөйтүү жөнүндө сөз кылган болчу. Биз бул сунушту колдойбуз, анткени инспектолор Ирак массалык кыргын салуучу куралга ээ, же ээ эмес экенин так текшерип чыгууга тийиш.Эгерде андай куралдар бар болсо, аларды ООНдун инспектолорунун көзөмөлү астында жок кылуу керек. Биздин демилгелерибиз Коопсуздук Кеңешинин 14-февралда боло турган жыйынында колдоого алынаарына үмүттөнөбүз.

Сөз болуп жаткан сунуштарга оң мамилесин билдирип, Орусия Германия менен Франциянын планын колдоого алышы мүмкүн экенин кыйытты. Пландын майда-чүйдөсү ачыктала элек жана Германия менен Франция Ирак жөнүндө эч кандай формалдуу план азырынча жок экенин жана эки өлкө Ирак боюнча демилге көтөрүүнүн ыктымалдыгы жөнүндө гана сүйлөшүп жатышканын айта башташты.

Бирок Лондондогу Падышалык Илимий Изилдөө Институтунун кызматкери Тимоти Гарден Коопсуздук кеңешинин жыйынында "куйундай тез тийген согушка" альтернатива катары сунуш кылына турганын божомолдойт:

- Жума күнү уюмдун инспектолорунун башчылары Эл-Барадей менен Бликс Коопсуздук Кеңешинде отчет беришет. Менин көз карашымда Франция, Бельгия, Германия, Орусия, Кытай жана башка өлкөлөр бул планды согушка альтернатива катары сунуш кылышат.

Дегени менен сөз болуп жаткан план Ирактын айланасындагы кызуу талкууларга май куйуп, Европа менен Американын ортосундлагы жикти тереңдетти. Франция менен Германия бул сунуштары менен НАТОнун Ирак кризисин чечүүдөгү ролун жогорулатууга далаалаттанып жатышат жана бул НАТОдогу шериктери менен пикири келишпей, кыжалат болуп турган АКШны уюм менен эсептешпестен өзүнчө чара көрүүгө түрткүлөшү ыктымал. Берлиндеги Эл Аралык Коопсуздук Институтунун эксперти Франц-Диитер-Шварц Ирак кризиси АКШ менен Европадагы таасирдүү өлкөлөрдүн ортосундагы жарды тереңдеткенин айтат:

- Европа менен Американын мамилелери толук кыйрамак болду. Саддам Кусейин батыштык дүйнөнү жиктегенге ийгиликтүү жетишти.

Анын аралыгында ООНдун каруу жарак инспектолору Ирактын курал арсеналын текшерүнү улантып жатышат. Азыр алар "Ал-Самут- 2" жана "Ал-Фатах" ракеталарын чыгаруу менен Ирак БУУнун резолюциясын бузган-бузбаганын аныктоо менен алек. БУУнун резолюциясына ылайык Иракка 150 чакырымдан алыс учуучу ракеталарды чыгарууга тыйуу салынган. Шаршемби 12-февралда курал инспекторлорунун башчысы Хпанс Бликс инспекторлордун коллегиясы менен жыйын өткөрүп, Ирактын БУУ менен кызматашканына баа берет.Чыгарылган жыйынтыктар 14- февралга карата даярдалып жаткан отчетко киргизилмекчи.

Өткөн аптанын соңунда Ирак жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Бликс менен Эль-Барадей Ирак инспектолордун суроо-талаптарына ийкемдүүрөк мамиле кылып калганын белгилешүүдө. Дүйшөмбү күнү ООндун жетекчилигине тапшырган катында Ирак "У-2" үлгүсүндөгү чалгынчы учактардын өлкөнүн аба мейкиндигин кесип өтүүсүнө уруксат бергендигин билдирди. Күрттөр отурукташкан түндүк аймактар менен шииттер жашаган түштүк аймактарды күзөткөн чалгындоочу учактар Ирактын куралдар катылган жерлерин аныктаганга да жардам бермекчи. Ирак ошондой эле курал инспектолоруна ирактык адисттер менен көзмө-көз сүйлөшкөнгө уруксат берген. Коопсуздук Кеңеши кандай резолюция Ирак боюнча чыгарарын болжоо кыйын. Бирок ООН ыктымал болчу согушка кам көрүп, Иракка гумжардам берүүнүн планын иштеп чыкканын кабарлады. Айрым маалымат каражаттары Жакынкы Чыгышта 200 миң аскерин топтогон АКШ Италиядагы аскердик базасына 6000 табыт менен өлүк сала турган 100 миң даана кап жеткиргенин маалымдашат.Иракты куралсыздандырып, Ирак элин "кан ичкич диктатордон" азат кылуу үчүн АКШ дал ушунча кишисин садага чабууну болжоп жаткан шекилдүү.

XS
SM
MD
LG