Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Орус өкмөтү курал жасоого колдонулган плутонийдин өндүрүшүн токтотот


Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчысы Михаил Касьянов кечээ кол койду. Ага ылайык, Сибирдеги Северск шаарындагы эки ядролук реактор 2005-жылдын аягына карата плутоний өндүрүүнү токтотот. Ал эми Железногорскидеги дагы бир реактор 2006-жылдын этегинде токтотулат.
Плутоний өндүрүшүнөн баш тартуу тууралуу келишимге Орусия 1997-жылы кол койгон. Келишим боюнча бул ишке Америка Кошмо Штаттары финансылык жардам көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG