Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

НАТО уюму чукул жыйынын бир күндө экинчи жолу кийинкиге калтырды


Жаңы күн тартибине ылайык, жыйын эми бир сааттан кийин башталышы мүмкүн. Ирак кризиси талкуулана турган жыйындын эмне себептен улам кайра кийинкиге калтырылып жатканы кабарланган жок.
Кечээ Туркиянын жардам берүү өтүнүчүн Франция, Германия жана Белгия бул сунушту четке кагышкан эле.
Туркиянын Премьер-министри Абдулла Гүл кечээ НАТОну өз милдетин аткарууга үндөгөн.
"Туркия Кансыз согушта бүткүл Европаны коргогон, Европага калканч болгон. Ошондуктан НАТО өзүнө алган милдеттерин аткараарынан күмөн санабайбыз",- деди Абдулла Гүл.
Бирок Белгия бүгүн кайрадан Туркияга азыртадан жардам көрсөтүү "дипломатиялык аракеттер суу кечпей калды, эми согуш башталат" деген тескери ишарат болуп калаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG