Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

БИН ЛАДЕН СЫНАЛГЫ АРКЫЛУУ МУСУЛМАНДАРГА КАЙРЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Катар мамлекетинде жайгашкан "Аль-Жазира" аттуу сыналгы түйүнү 11-февралда Усама бин Ладендин кайрылуусун обого чыгарды. Айт майрамы учурунда бин Ладен дүйнө мусулмандарына кайрылып, аларды америкалык баскынчылыкка каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды. Америкалык адистердин айтымында, сыналгы аркылуу чыгып сүйлөгөн адам чын эле бин Ладен болушу мүмкүн.

"Аль-Жазира" сыналгысынын кызматкерлеринин айтымында, бин Ладендин кайрылуусу жазылган видеокассета аларга мурда алынып жүргөн булактардан тийген, ошондуктан, кассетага жазылган адам чын эле бин Ладен болуш керек. "Аль-Жазира" мурда дагы сыналгы аркылуу бин Ладенди бир нече жолу көрсөткөн, бирок алдын ала жазылып алынган кассеталарды аларга ким берип жатканын айтпайт. Акыркы жолу бин Ладен "Аль-Жазира" аркылуу өткөн жылдын 12-ноябрында чыгып сүйлөп, жакында дүйнөдө ири террор аракеттери ишке ашырылат деп айткан.

АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучердин айтымында дагы, видеокассетага жазылган адам чын эле бин Ладен болушу мүмкүн жана ал Иракка колдоо көрсөтүп жаткандыктан, бул кассета - бин Ладендин "аль-Каида" уюму менен Багдад ортосунда байланыш бар экенин айгинелейт жана бин Ладендин террорчулары дүйнөгө дагы эле коркунуч түзүп жаткандыгын далилдейт.

Кассета сыналгы аркылуу көрсөтүлө электе эле мамлекеттик катчы Колин Пауэлл 11-февралда Сенатта чыгып сүйлөп, америкалык чалгындоо кызматтарынын колуна - Усама бин Ладендин видеокайрылуусу тийгендигин айткан. Мамлекеттик катчынын пикиринде, бул кайрылуу - Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде 4-февралда Пауэлл Иракка каршы айткан күнөөлөргө далил болууда.

Бирок кайрылуу учурунда бин Ладен расми Багдадка же президент Саддам Хусейнге өтө деле колдоо көрсөтпөйт, ал жөн гана мусулмандарга кайрылып, аларды АКШга каршы күрөшүүгө үндөйт:

- Мен Ирактагы мусулман туугандарыма кайрылам: аман болгула, кудайга ишенгендер дагы бар, силер күрөшкө даяр болгула. Мусулмандардын мурдагы борборуна каршы Батыш каапырлары согуш даярдап жатканын биз байкап турабыз. Алар жаңы куурчак өкмөт орнотуп, аны - башка чыккынчы араб өкмөттөрүндөй эле - америкалыктар менен Тель-Авивдин тилинен чыкпас кылууга аракеттенүүдө, алардын Улуу Израил түзүүгө ниети бар. Биздин аларга айтаарыбыз - Кудай биз тарапта жана америкалыктар менен чыккынчылар баштаган баскынчылык согушта биз жеңебиз.

Бин Ладендин айтымында, Саддам Хусейндин социалисттик партиясынын идеологиясын ал жактырбаганы менен, азыр Иракта түзүлгөн жагдайда социалисттер менен башка мусулмандардын баары биригип, америкалык баскынчылыкка каршы күрөшүүгө тийиш. АКШнын кулдарына айланган Йемен, Йордания, Марокко, Нигерия, Пакистан, Сауд Арабия сыяктуу мамлекеттердин элин да эркиндикке чыгарыш керек. Ан үчүн - америкалык аскерлерге каршы Ооганстандагы согуштун үлгүлөрүн пайдаланып, узакка уланган партизандык согуш ыкмаларын колдонуп, өз жанынан өзү кечкен шахиддерди даярдаш керек.

Ричард Баучердин айтымында болсо, Ирак менен "аль-Каиданын" идеологиясы дагы, максаттары да бир:

- Кээ бирөөлөрдүн пикиринде, Ирак менен "аль-Каиданын" идеологиясы ар башка. Бирок мамлекеттик катчы Пауэлл айткандай, аларды жек көрүүчүлүк ниети бириктирип турат жана, менин оюмча, аны бүгүн бин Ладен дагы бир жолу далилдеди. Алардын ортосунда байланыш бар экени айкын. 1990-жылдарда алар ортосунда сегиз жолу эң жогорку деңгээлде жолугушуу болгону бизге белгилүү.

Бирок Ирак маселеси менен байланыштырбаганда дагы, бин Ладендин "Аль-Жазира" сыналгысы аркылуу көрсөтүлгөн видеокайрылуусунан - дүйнөдөгү эң коркунучтуу террорчу дагы тирүү жана анын уюму адамзатка дагы коркунуч түзүүдө деген жыйынтык чыгарса болот.

XS
SM
MD
LG