Гезиттин башкы редактору Сопубек Тарсаевдин 12-февралда билдиргенине караганда, гезит Курман айт майрамына арналып чыккан санынан тарта өзбек тилиндеги макалаларга да орун бере баштады. Мындай аракет өзбек тилдүү окурмандардын суроо-талап, өтүнүчтөрүн канааттандыруу максатында жасалууда. Азырынча шартка жараша гезитте өзбек тилиндеги макалаларга гана орун берилүүдө, бара-бара өзбек тилиндеги гезит өзүнчө чыгарылмакчы. «Ыйман абазы» облустагы алгачкы эркин гезиттердин бири. Эки жылдан бери чыгып келе жаткан бул гезит негизинен элди таалим-тарбияга, ыйманга, биримдикке үндөгөн макалаларды жарыялайт.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболото.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболото.