Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

АКШ Кыргызстанга 40 млн. доллар бөлдү


АКШ Конгресси 2004-жылы Кыргызстанга 40 млн. доллар бөлүү тууралуу чечим кабыл алды . Бул тууралуу шаршембиде парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын туризм жана спорт комитетинин төрагасы Айдарбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, бул кабар Жогорку Кеңеш депутаттары өткөн жумада АКШда жүрүшкөндө маалым болгон. Бөлүнгөн акча Кыргызстанга грант, кредит түрүндө берилип, республикадагы демократия институттарын бекемдөөгө багытталмакчы. Керимкуловдун айтымында, кыргыз депутаттары АКШдагы иш сапары учурунда Кошмо штаттар президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс, сенатор Браунбек жана башка бир катар расмий адамдар менен жолугушуп, Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча пикир алышкан.

XS
SM
MD
LG