Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Конституциянын жаңы редакциясын Венеция комиссиясына берилишин жактайт


2-февралдагы референдум тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы шаршембиде маалымат таратты. Анда Кыргызстандагы конституциялык реформанын жүрүшү тынчсызданууну жаратып жатканы белгиленип, референдумдун 2-февралда өткөрүлүшү бул жараянга ишенимди пайда кылбай, анын калыс өткөрүлгөндүгүнө күмөн туудургандыгы айтылган . «Биз кыргыз өкмөтүнүн адам укуктарын коргоо жана бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылуу боюнча өзүнө милдеттенме алышын колдоор элек жана жаңы кабыл алынган Конституцияны Венеция комиссиясынын изилдөөсүнө берип, андан Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышына жана демократиянын бекемделишине салым кошо турган сунуштарды алууга кыргыз өкмөтүн чакырабыз», деп айтылат АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын маалыматында.

XS
SM
MD
LG