Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Европа биримдиги Кыргызстандагы референдумга мамилесин билдирди


Европа биримдиги Кыргызстанда 2-февралда өткөн референдум боюнча билдирүү таратып, анда Конституциянын жаңы редакциясындагы жоболор демократия менен плюрализмдин чегинде ишке ашат деп үмүттөнө тургандыгын билдирди. Европа биримдиги кыргыз өкмөтүнө оппозиция менен жарандык коом ортосундагы ымаланы күчөтүүнү сунуштады. Кыргыз өкмөтү бул ишке ЕККУнун Бишкектеги борбору менен адам укуктары боюнча демократиялык институтунун эксперттерин кошуу ниетин колдой тургандыгын кабарлады. Европа биримдиги мындай билдирүүнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу комиссиясынын 6-февралда Вена шаарында өткөн жыйынында тараткандыгын шаршембиде өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG