Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Ирак боюнча билдирүү таратты


12-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов маалымат жыйынын өткөрүп, анда Ирак маселеси боюнча билдирүү жасады. Анда Иранда массалык кыргын салуучу куралдар бар деген АКШ менен дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусуна Кыргызстан тилектеш экендигин билдирип, алардын куралдарды жоготуу аракеттерин колдой тургандыгын кабарлады. Кыргызстан чалкеш маселе саясий жол менен чечилишин жактаган Россия, Германия жана Франция жетекчилеринин иштиктүү мамилесин баалап, чатак Ирактын аракетине байланыштуу чечилет деген ниетте. Аскар Айтматовдун билдирүүсү боюнча, Кыргызстан мурдагыдай эле Ирак маселеси БУУнун Уставынын алкагында чечилип, аскерий күч БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен гана колдонулууга тийиш деген көз карашты карманат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG