Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

КЫРГЫЗСТАН ИРАК КРИЗИСИНИН ТЫНЧ ЧЕЧИЛИШИН ЖАКТАЙТ


Кыргызстан Ирактагы кырдаалдын саясий жол менен чечилишин жактайт жана 2-февралда өткөн референдумга карата АКШ өкмөтү менен айрым эл аралык уюмдардын сын пикирлерине макул эмес. Мындай билдирүүнү 12-февралда тышкы иштер министрлиги таратты. Ушул эле күнү республиканын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов маалымат жыйынын өткөрдү.

Тышкы иштер министринин айтымында, Кыргызстан Ирак жагдайына тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлдин 5-февралда Бирикен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде жасаган баяндамасында баса белгиленген кыргын салуучу куралдарды чыгарууга, таркатууга каршы көрүп жаткан Америка Кошмо Штаттарынын аракеттерин колдойт. Ирак, расмий Бишкектин билдиришинче, тез арада Колин Пауэл көтөргөн маселелер боюнча толук жана кеңири маалымат бериши керек.
Тышкы иштер министринин билдиришинче, Кыргызстан окуянын мындан аркы өнүгүшү көп жагынан Багдаддын өзүнө байланыштуу деп эсептейт. Ошондой болсо да кризистин Улуттар уюмунун уставы жана эларалык нормалардын алкагында чечилишин жактайт. Бул жагынан А.Айтматов маалымдагандай:
- Кыргыз Республикасы Ирак проблемасын чечүүгө байланыштуу Россия Федерациясынын, Германия Федеративдик Республикасынын жана Франциянын конструктивдүү мамилелелерин жогору баалайт. Бул өлкөлөрдүн тынчтык жолун табуу аракеттери Ирак сыяктуу эле дүйнө жүзүнө да оор кесепеттерди алып келе турган акыркы чараларды ишке ашырбоонун мүмкүнчүлүктөрү бар экендигинен үмүттөндүрөт.
Маалымат жыйынында тышкы иштер министри Ирак чабуулунда Кыргызстандагы Ганси авиабазасы пайдаланылабы- жокпу маселесине да кайрылып, тараптар Ооганстан боюнча гана макулдашуу бардыгын мындайча билдирди:

- Кыргызстан менен антитеррордук коалицияга кирген мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык алардын күчтөрү жайгашкан Ганси авиабазасы Ооганстанда антитеррордук операцияларды ийгиликтүү ишке ашырууну камсыздоо жана бул өлкөгө гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн гана пайдаланылат.
Министрликтин экинчи расмий билдирүүсү Кыргызстандын ички саясий турмушуна арналып, АКШ жана айрым эл аралык уюмдар тараткан билдирүүлөргө жооп катары айтылды.
Кыргызстанда 2-февралда өткөн референдумга чейин жана андан кийин бир катар эларалык уюмдар өлкөдөгү Конституциялык реформанын ачык-айкын жана демократиянын талаптарына ылайык өткөндүгүнө күмөнсүүлөрүн билдиришкен. Алардын акыркысын Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу кеңешинин 6-февралдагы жыйынында АКШнын өкүлү Дуглас Дэвидсон билдирген. АКШ элчиси өз сөзүндө Кыргызстандагы Конституциялык реформаны ишке ашыруу учурундагы көптөгөн мыйзам бузуулар Башмыйзамга көпчүлүктүн ишенимин жоготуп, өкмөттүн мандатынан шек туудурушу ыктымал деген көз карашын билдирген. Жаңыланган Конституцияны Венеция комиссиясына кайрадан экспертизага берүүнү сунуштаган. АКШ элчиси жана АКШ өкмөтү Конституциялык реформанын айкындыгынан шектенген билдирүүнү референдумга чейин да тараткан болчу.
Ушуларды мисалга тарткан тышкы иштер министрлиги 12-февралда дооматтардын мурдагысы, кийинкиси менен да макул болбой тургандыгын жарыялады:

- Биз акылдашууга, элдин колдоосуна ээ болгон жаңы Конституциянын жаңы редакциасындагы жаңылыктарды түшүндүрүү үчүн, өкмөттүн, парламенттин жана сот бийлигинин милдеттерин кайра бөлүштүрүү аркылуу жаңы Конституция демократиялаштыруунун бекем негиздерин түзөөрүн, Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин айкын камсыздаарын дагы бир ирет бышыктоо үчүн Европа Кеңешине (Венеция комиссиясына) жогорку деңгээлдеги өкүлдөрдү кайрадан жиберүүгө даярбыз.»
Билдирүүдө тышкы иштер министрлиги референдумдун жүрүшүндө анын жыйынтыгына таасир эткидей олуттуу мыйзам бузуулардын болгондугу тууралуу сын-пикирлердин негизсиздигин мындайча жокко чыгарат:
- Мыйзам бузуулар болгондугу чын, бирок, алар майда-чүйдө болгондуктан, референдумдун жалпы жыйынтыгына эч кандай таасир көрсөтө алмак эмес. Муну эларалык жана көз карандысыз байкоочулар да жер-жерлерде ырастап беришти. Борборшайлоокомго, прокуратурага бул багытта оппозициялык күчтөрдөн, байкоочулардан арыз түшкөн жок.
Билдирүүнүн акырында тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн айрым оппозициянын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн эле пикирлери менен билдирүүлөрүнө таянбастан, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жана расмий бийликтин да пикирин эске алуу менен конституциялык жараян боюнча акыйкат баасын айтаарына ишеними бар экенин билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG