Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Тони Блэр Ирак боюнча дагы бир резолюция болушу мүмкүн деди


Британиянын өкмөт башчысы бүгүн Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иракта күч колдонуу боюнча дагы бир резолюция кабыл алышы мүмкүн экенин билдирди.
Блэр Ирак кризиси БУУ аркылуу чечилиши керектигин белгиледи. Бирок Иракка каршы дароо чара көрүүнү талап кылган АКШдан айырмаланып, Ирактагы курал инспекторлоруна дагы убакыт берүүгө чакырды.
Брюсселде бүгүн эртең менен өткөн жыйынд НАТО мүчө-өлкөлөрү Иракка каршы согуш башталган учурда, Түркияга аскерий жардам көрсөтүү маселесин талкуулап, бирок мунасага келе алышкан эмес.
Курал инспекторлору бүгүн Иракта мурдагы инспекциянын мезгилинде табылган уулуу газ жана артиллериялык ок-дарыны жок кылышууда.

XS
SM
MD
LG