Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

МАЖОРИТАРДЫК ШАЙЛООНУН КҮҢГӨЙҮ МЕНЕН ТЕСКЕЙИ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Конституциянын жаңы редакциясында 2005-жылдан Кыргызстанда бир палаталуу парламент болоору белгиленген. Болочок парламентке бир мандаттуу шайлоо округдарынан 75 депутат шайланат. Мажоритардык шайлоо системасынын кандай артыкчылыгы, кемчиликтери бар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутат тандоонун Кыргызстандын саясий өнүгүшүнө тийгизчү таасири канчалык?

Шайлоо эки түрдүү - мажоритардык же пропорционалдык жол менен өткөрүлөт. Мажоритардык шайлоо ыкмасында өлкөдө шайлоо округдары уюшулат. Атсалышкан талапкерлердин кимиси шайлоочулардын көп добушун топтосо ал жеңишке жетишет. Пропорционалдык шайлоодо добуш жалпы мамлекеттин алкагында, кайсы бир саясий партиянын пайдасына берилет. Депутаттык мандат шайлоочулар добушунун санына жараша бөлүнөт.
Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоодо жогорудагыдай эки шайлоо ыкмасы тең колдонулган. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы 45 орунга депутаттар бир мандаттуу округдардан, калган он беш орун саясий партияларга берилген.
Айрым байкоочулардын айтымында, парламенттен саясий партияларга көп орун берүү өлкөдөгү демократия, жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Анткени пропорционалдык шайлоо ыкмасы мамлекеттеги күчтүү, элге белгилүү партиялардын парламенттен депутаттык мандатты арбын алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Бул өз мезгилинде өлкөдөгү жердешчилик, уруучулук бөлүнүшүн азайтат. Жогорку Кеңешке аткаруу бийлигинен көз каранды эмес депутаттардын келишине шарт түзөт. Пропорционалдык шайлоо ыкмасынын жогорудагыдай артыкчылыктарын Кыргызстандын мамлекет башчысы Асар Акаев да буга чейинки сүйлөгөн сөздөрүндө бир нече курдай белгилеп кетлген.
Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жан толуктоолорду сунуш эткен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү да партияларга болочок парламенттен көп орун берүүнү колдошкон. Эмне үчүн мамлекет башчысы буга чейин саясий партиялардын ролун күчөтүү, аларга парламентте көбүрөөк орун берүүнү айтып келип, чечүүчү мезгилге келгенде, өзүнүн баштапкы пикирин өзгөрттү?
Аткаруу бийлиги мындай кадамга болочок паламентте оппозициячыл маанайдагы депуттарды аз келтирүү максатында барды, деген пикир байкоочулар арасында айтылып келет. Парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган коммунистер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиевдин пикири төмөндөгүчө:
- Ачык айтканда, мындай кадамдарга, бийлик болочок парламенттен коммунистер жана ага пикирлеш партиялардын көп добуш аларынан чочулоодон улам барды.
Масалиевдин айтымында мажоритардык шайлоо системасын колдонуу Кыргызстандын өнүгүшүнө кедергисин тийгизет.
“Саясий партиялардын курамында ар түрдүү улут өкүлдөрү бар. Эң башкысы, алардын сасий көз карашы бирдей. Ушул өңүттөн алганда, мажоритардык шайлоо ыкмасы өлкөдөгү уруучулукту, жердешчиликти кайрадан күчөтөт, коомдо жикке бөлүнүүчүлүктү күчөтөт»,- дейт Масалиев.
Оппозициячыл саясатчынын жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлик өлкүлдөру макул эмес. Конституциянын жаңы редакциясынын соңку долбоорун иштеп чыккан эксперттик топтун башчысы, президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаевдин пикиринче, мажоритардык система эл менен депутаттын ортосундагы байланышты чындоо үчүн киргизилди:
- Мындай ыкманын артчыкчылыгы, эл менен депутаттын жакындашуусуна өбөлгө болот. Натыйжада депутат аны шайлаган эл менен тез-тез жолугуп, жасаган иштери боюнча маалымат берип турат.
Биримдик партиясынын Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Карыпбек Алымкуловдун оюнча, мажоритардык система, өлкөдөгү саясий партиялардын кайра чыңдалышына өбөлгө түзөт. Анын айтымында:
- Мындай шайлоо системасын киргизүү, өлкөдөгү сасий партиялардын жанданышына өбөлгө түзөт. Анткени мурдагыдай эле саясий партияларга парламенттен бир канча орунду берип коюу, «партиялардын он беш депутаттык орун бизге тиет», - деп аракеттенбей коюшуна алып келди. Ал эми мажоритардык ыкма бир жагынан көп партиялардын жоюлушуна, экинчи жагынан айрым партиялардын күчтөнүшүнө алып келет.
XS
SM
MD
LG