Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

НАТОдогу ЖААТТАШУУ


НАТО биримдиги азыр кризисте. Кризиске непада Иракка каршы согуш болуп калса, НАТОнун жобосуна ылайык, Түркия коргоого алынсын деген Анкаранын өтүнүчү түрткү болду.

Альянс ичиндеги келишпестикке Анкаранын капылет Иракка каршы согуш башталып калса, биримдик өз жобосуна жараша, Түркияны коргоого көмөктөшсүн деген суранычы баана болду. Франция, Германия жана Бельгия бирок, Түркияны коргоонун планын даярдоо Иракка каршы согушту болтурбоонун дипломаттык аракети ишке ашпай калыптыр, согуш сөзсүз болот деген натуура пикирди жаратат дешип, НАТОнун Түркияны коргоо планын иштеп чыгуусуна каршы чыгышты.

Франция башындагы үч өлкөнүн “ичтен чыккан жат” сыңары бөлүнүүсүн АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд “шермендечилик” жана “ жаңылыштык” деп баалады.

“Шермендечилик”, “адашкандык” деген сыяктуу сөздөр дипломаттар арасында “көзгө сайып айтканга” тең бааланат.

НАТОнун генералдык секретары Жорж Робертсон бирикме ичиндеги мунаса келишпестик “өтө олуттуу” деп, бирок Д. Рамсфелддей курчтукка барбады:

- Бул албетте татаал жагдай, бирок альянс ичинде мурда да келишпестиктер болгон жана келечекте пикир келишпестик дагы көп болору күмөнсүз. Маселе азыр бир мунасага келүүдө жана биздин өз ара мунаса табаарыбызга мен ишенем.

Кошмо штаттарынын Президенти Жорж Буш Франциянын НАТОну ичтен бөлүүсүнө нааразы болгонун түз айтты:

- Мен мындай чечимди түшүнбөйм. Бул альянска тескери таасир этет.

НАТОнун мүчөлөрү арасында уюм түзүлгөндөн берки 54 жылда мындай чоң карама каршылык болгон эмес.

Түркияны коргоо планына байланыштуу чыккан келишпестикке чейин эле уюмдун ичинде жиктешүү бар экени байкалган.

Өткөн айда Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен Испаниянын өкмөт башчысы Хосе-Мария Азнар Евробиримдиктин мүчөлөрү менен масилээтешпестен туруп, АКШнын Ирак саясатын жактап кат жазышкан. Аларды куйрук улай, Чыгыш Европанын 10 өлкөсү да Вашингтондун Иракты күчкө салып куралсыздандыруусун колдогон. Буга кошумча болуп, Франция жана Германия өткөн жумада Улуттар уюмунун Ирактагы аскерий инпекторлорунун санын көбөйтүү жөнүндө демилге көтөрүп чыгышты. Эки өлкөнүн демилгесин АКШнын жетекчилиги маалымат каражаттарынан билген.

НАТО ичиндеги жана Eвропа өлкөлөрү ортосундагы карама каршылык эмнеге алып барышы мүмкүн? Трансатлантикалык достуктун келечеги кандай болот?

Чехиялык талдоочу Радек Кхолдун пикиринче, АКШ мындан ары да бир тараптуу кадамдарды жасай берсе, өз ара түшүнбөстүк дагы тереңдеши мүмкүн:

- Трансатлантикалык байланышта сапатттык жактан өтө олуттуу өзгөрүүлөргө жана трансатлантикалык кызматташуунун начарлашына күбө болушубуз ыктымал.

Бельгиялык эксперт Стефан Маартел европа өлкөлөрү арасындагы мамиле дагы осолдойт деген ойдо:

- Азыркы жагдай, 2004-жылы Евробримдикке кошулчу Чыгыш Eвропанын көпчүлүк өлкөлөрүнө болгон нааразылыкты күчөтөт. Ошол эле учурда, эл аралык проблемалар боюнча ар ким эле жалпы европалык көз карашка макул эмес экенин көрсөтөт.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары, НАТОнун мурдакы генералдык секретары Хавьер Солана альянс мүчөлөрү ортосундагы талаш-тартыш убактылуу мүнөзгө ээ жана жөндөлөт деген ишеничте:

- Силер ишенсеңер болот жана мен силерге кепил өтө алам: эгерде Түркия жардамга муктаж болсо, НАТОнун бардык мүчөлөрү андай жардамды берет.

Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүлдүн айтымында:

- Түркия Кансыз согуш жылдары Европага калкан катары кызмат кылган. Ошон үчүн, НАТО азыр өз милдетин аткаруусу шарт экенинен үч кандай күмөн жок.

XS
SM
MD
LG