Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН ТҮРКМӨНСТАНДЫН ОРТОСУНДАГЫ КЫРДААЛ


Өткөн жылдын аягында Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовго кол салуу уюштурулгандан кийин Ташкент менен Ашхабаддын ортосундагы мамиле кескин начарлап, азыркы учурда эки тарап чек ара тилкелери кесилишкен жерлерге куралдуу күчтөрүн топтоп жатат. Ал эми Өзбекстан «Каракум чөлүндө жайгашкан кылмыштуу топтордун ыктымал чабуулунун мизин майтаруу максатында» аскердик машыгууларды өткөрө баштады. Региондогу бул кризистик кырдаал боюнча Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев “Азаттыкка” өз пикирин айтып берди.

-- Муратбек Сансызбаевич, сизге Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилеге байланыштуу суроо менен кайрылып жатабыз. Белгилүү болгондой, акыркы кезде эки мамлекеттин ортосунда мамиле начарлап, эки тарап тең чек арага куралдуу күч топтоп, аскердик даярдыктарды көрө баштады. Айрым аналитиктер эки мамлекет ортосундагы тирешүү ушундай багытта улана берсе, бул КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда согуш отун тутантышы мүмкүн деген ойду айтышууда. Буга карата сиздин пикириңиз кандай? Кырдаал чын эле согушка жакынбы?

- «Согуш» деген сөз айтылып жатат, бирок бекер айтылып жатат. Себеби бул аскердик конфликтке жетпейт. Албетте, өзүңөр түшүнгөндөй бардык эле республикалар ортосунда ар кандай чечилбеген маселелер бар. Маселен, чек ара, экономика боюнча жана башка түрдүү маселелер. Менин оюмча булар согушка же аскердик конфликтке алып келбеш керек. Экинчиден, менин оюмча КМШ реалдуу иштебесе да, анын көзгө көрүнбөгөн өзгөчө бир механизмдери бар, эки мамлекет ортосундагы мамилелерди жайгарганга ошол механизмдердин күчү жетет.

- Согуштун болтурбоого КМШнын көзгө көрүнбөгөн механизмдери кепил болот деп ойлойсузбу?

- Ал кепил боло албайт. Бирок механизмдер күчкө келип, ал иштесе кырдаал согушка айланбайт. Андан сырткары, тегеректеги өлкөлөрдүн, анын ичинде албетте, Орусия менен АКШнын мындай согушка кызыкчылыгы жок. Ошон үчүн бул мамлекеттер өзүнүн аброюн, күчүн пайдаланып, эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бул маселени чечет деген ойдомун. Кудай анын бетин ары кылсын, эгерде бул согушка айланып кетсе, жалпы регионго таасири жаман болот.

- Бул чатак жалпы регионду дестабилдештирүүгө кубаты жетет деп ойлойсузбу?

- Эми бул конфликтке айланып кетсе, сөзсүз кубаты жетет. Буга кошумча жалпы региондогу чек ара, суу, экономика жаатындагы жана башка маселелер да бир өңчөй чечиле элек. Бир четинен Ооганстандагы кырдаал толук турукташа элек. Андан сырткары Ирактын маселеси чыгып турат. Үчүнчүдөн, региондогу өлкөлөр арасындагы мамилелерди жакшы деп айта албайбыз. Ошон үчүн эки өлкөнүн ортосунда чатак чыгып кетсе, анын таасири жалпы регионго жайылып кетиши ыктымал.

- Муратбек Сансызбаевич, «эки мамлекет ортосундагы чатактын чыгып кетүүсүнүн себеби «Трансафган» газ түтүгүн ким алып чыгышына байланыштуу» деген ойлор айтылууда. Ашхабад да, Ташкент да ушул газ түтүгүн өзү жекече алып чыгууга, же кожоюндук кылууга аракеттенүүдө. Бирок мындан башка жакта да реалдуу коркунучтар бар. Мисалы, Карши каналына байланыштуу. Канал Түркмөнстандын аймагы аркылуу өтөт. Бирок Өзбекстан өзүн суу менен камсыз кылыш үчүн каналдын түркмөн жеринде жайгашкан бөлүгүн да өз аскерлери менен көзөмөлгө алган. Түркмөн тарап «өзүбүздүн жерге өзүбүз кожоюн болобуз» деп аскер топтоп жатса, өзбек тарап ага каршы аскерий машыгууларды өткөрүп жатат. Коркунучтуу жери - конфликтке олуттуу себептер болуп жаткандыгында.

- Бул Карши каналынын маселеси - суу маселеси. Суу маселеси Орто Азияда кылымдар бою татаал маселе болуп келатат. Эми азыркы заманда эгемендүү мамлекеттер катары бул маселени дипломатиялык жол менен чечиш керек. Тараптар бир столго отуруп, аны чечүүнүн оптималдуу жолун табыш керек. Ансыз болбойт. Эми азыркыдай тирешүү чатакка айланышы мүмкүн. Мунун бир жаман нерсеге айланып кете тургандай күчү бар экенин түшүнүп турабыз.

- Сиз кандай деп ойлойсуз, бул биздин региондо түзүлгөн биринчи ушундай олуттуу кырдаалбы?

- Эми бул согушка жакындап бараткан кырдаал эмес. Бирок өзүнчө эле чоң маселе болгондуктан, албетте муну жалпы Орто Азиядагы өлкөлөр, өнөктөштөр чогуу иштеп, маселени чечүүнүн жолун табышыбыз керек. Менин оюмча бул маселени азыр дипломатиялык, саясий жолго чыгарыш керек. Буга Ташкентте да, Ашхабадда да жетекчилердин күчү жетет деген ойдомун.

- Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесине келгенде, биздин мамлекеттердин ортосунда да ушундай кырдаал түзүлүшү мүмкүнбү?

- Мүмкүн. Ката кетирсек, же бири-бирибиз менен тирешип, чатакка айланып кетсе - мүмкүн.

- Буга негизги себептер баягы эле жер, суу деп ойлойсузбу?

- Ооба, жер, суу. Ал эми Фергана өрөөнүн эске алсак, анда элдин көптүгү, жакырчылык, экономиканын өнүкпөгөндүгү жана башка көп маселелер бар.

- Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосунда конфликтке жол бербеш үчүн региондогу мамлекеттер эмне кылыш керек?

- Менин оюмча, тез арада Орто Азия мамлекеттеринин президенттери чогулуш керек. Бул бир. Албетте, биз өнөктөштөрүбүздү да чакырышыбыз керек. Анын арасында Америка, Орусия, Иран жана башка өлкөлөрдү. Ошолор менен да эки тараптуу же көп тараптуу консультацияларды өткөрүп алар менен кеңешүү керек. Себеби, мунун коркунучтуу жери - бул Каспийге жакын. Каспий деген өзүнчө эле бир чоң маселе болуп жатат. Анткени, акыркы эки жылдын ичинде Каспийге абдан көп курал-жарак алынып келинүүдө. Мамлекеттердин баары аскер-деңиз флотторун түзүүдө, аскердик бөлүктөрдү алып келип жатат. Ошон үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан арасындагы маселелердин Каспийге да таасири чоң. Биздин региондо Каспий менен Фергана маселелери абдан татаал маселелерден.

- Татаалдашып бараткан кырдаал Кыргызстанга инвестициялардын келишине таасир этеби?

- Сөзсүз. Өзгөчө Чыгыш өлкөлөрүнө инвестиция жасай турган инвесторлор картаны караганда бир мамлекетти карабайт, жалпы Орто Азияны карайт. Региондо чатак болуп атса, демек ал жердеги мамлекетте да коркунуч бар деп эсептеп, ал мамлекетке келбейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG